Монополияга каршы агенттик Кыргызстандын башкы кант заводуна айып пул салды

Мамлекеттик монополияга каршы агенттик негизги кант өндүрүүчү «Кайыңды-Кант» ААКсына айып пул салды. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, КРнын аймагындагы аталган маанилүү субъектке айып пул 4-майдагы «Социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» өкмөттүн токтомун аткаруунун алкагында, маалымат тапшыруу тартибинин бузулушуна байланыштуу салынган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кумшекердин баасы, агенттиктин обзоруна ылайык, өткөн айда 3.1%га же 2 сомго арзандаган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды