«Silk Way» логистикалык борбору 31-августта ачылат

«Silk Way» логистикалык борбору 31-августта ачылат

«Silk Way» логистикалык борбору Кыргызстандын 30-жылдык эгемендүүлүгүнө карата 31-августта ачылат. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

24-июлда Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүй облусундагы жаңы «Silk Way» логистикалык борборунун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

«Индустриалдык парктын ачылышынын маанилүүлүгү – анын көп функционалдуу болушунда камтылган. Бажы брокерлери жана кампа жайлары борбордоштурулат, тагыраак айтканда, бизнесмендер жана ТЭИ катышуучулары бардык кызматтарды бир жерден ала алышат, бул алардын иш жүргүзүүсүн кыйла жеңилдетет. Албетте, бул мамлекеттик казынага акча каражаттарынын түшүүсүн жогорулатат жана ушул улуттук долбоор иштеп баштаганда «ЮниЛаб» жана «БТС» терминалдарынын иштөөсү токтотулат», – деп айтты Исабеков.

Ири улуттук индустриалдык парктын ачылышы Кыргызстандын 30-жылдык эгемендүүлүгүнө карата 31-августка пландалган.

 

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жол курулуш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр Бишкектеги Профсоюз көчөсүндөгү, Түндүк айланма жолундагы жана Чүй облусунда жүрүп жаткан жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берди. Иш

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүндө Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты. Реконструкцияланган көчө 49-көчө менен кесилишип,

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда автокран оодарылып кеткен окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 7-май күнү Матыев көчөсү 21 жана 21/2 дарегинде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда болгон. Автокран өндүрүштүк