Чүйдө эгин талаасы кургап жатат – суу жок

Чүйдө эгин талаасы кургап жатат – суу жок

Сокулук районундагы эгин талаалары суунун жетишсиздигинен кургап жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине дыйкандар билдиришти.

Хасан Исаевдин айтымында, дыйкандар Жаңы-Жер аймагындагы Ат-Башы каналына кайрадан чогулуп, аталган көйгөйгө бийликтин көңүлүн бурууга аргасыз болушууда.

«Төрт айылга 1.5 куб көлөмүндө гана суу келүүдө, бирок 8 куб болушу керек болчу. Алар сууну кезек менен бере башташты, беш күн бир айылга, экинчисинде дагы беш күн башка айылга беришти. Бирок эл убада кылынган суунун көлөмү дагы эле берилбей жаткандыгына нааразы. Бир жумадан бери суусуз турдук, такыр эч нерсе жок. Суу түгөндү, эми болсо суу болбойт деп айтышты», – деп билдирди агентикке ал.

Белгилей кетсек, жаздан бери эле Чүй өрөөнүндө суунун жетишсиздиги дыйкандарды тынчсыздандырып келет жана алар буга чейин да митингге чыгышкан болчу.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөттүн ошондогу Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин айтымында, акыркы 30 жылда сугат системасы талкаланган. Анын берген маалыматына ылайык, бир суу кудугун калыбына келтирүү үчүн 115 миң сомдон 150 миң сомго чейин каражат талап кылынат. Ал өз каражатынан бир канча суу арыгын калыбына келтирген жана депутаттарды да бул ишке салым кошууга чакырган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-