Таластык ишкерлер каржылоо, салык, уруксат берүү системасындагы иштерге нааразы

Таластык ишкерлер каржылоо, салык, уруксат берүү системасындагы иштерге нааразы

Кечээ, 26-июлда Талас облусунун ишкер чөйрөсүнүн көйгөйлүү маселелерин эксперттик топ талкуулады, анын курамына Эл аралык ишкерлер кеңешинин жана КРнын президентинин Администрациясынын өкүлдөрү кирди. Жыйында таластык ишкерлер аймактагы көйгөйлөрдү айтышып, мамлекеттик система нааразы экендигин билдиришти. Бул тууралуу Эл аралык ишкердик кеңешинин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууга облустук жана райондук администрациялардын, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун, Талас облусундагы Ишкердүүлүктү колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө белгилүү болгондой, жергиликтүү ишкерлерди каржылоо, салык администрациясы, лицензиялоо жана уруксат берүү системасындагы маселелер өзгөчө тынчсыздандырат.

«Ишкерлер көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктарга нааразы болушууда. Курулуш компанияларынын өкүлдөрү курулуш документтерин макулдашуу үчүн Бишкекке баруу керектигин айтышты. Тиешелүү сертификаттоо жана экспертиза борборлорун аймактарда, тактап айтканда, Таласта ачууну суранып жатышат», – деди ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-