Улуттук банк эсептик ченди 7.5%га чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 7.5%га чейин жогорулатты

Улуттук банк 26-июлда эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунктка 7.5%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу УБтын маалымат кызматы билдирди.

Чечим 2021-жылдын 27-июлунан тартып күчүнө кирет.

Регулятордун билдиргенине караганда, пандемиянын кесепетинен кийин глобалдык экономиканын калыбына келиши кыйла тез жүрүүдө. Ага мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча дем берүүчү чаралар менен калкты жалпы эмдөөдөн өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин негизинде карантиндик чектөөлөрдүн кыскарышы өбөлгө түзүүдө.

Бирок, COVID-19 вирусунун жаңы штаммдарынын пайда болуу тобокелдиктерин эске алганда, глобалдуу сыяктуу эле, регионалдык экономикалардын өнүгүүсүндө белгисиздик сакталып турат.

КРда экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келүүсү байкалууда (2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ИДӨнүн өсүшү 3.7%ды түзгөн). Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү менен курулуш көлөмүнүн кыскарышы өлкө экономикасынын толук масштабда калыбына келүүсүн чектөөдө.

Ички керектөө салыштырмалуу деңгээлде анчалык калыбына келе элек, ал өлкөгө акча каражаттарын которуунун алгылыктуу динамикасы менен колдоого алынып турат. 2021-жылдын январь-май айларында жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кириши 778.1 млн долларды түзүү менен 45.3%га  жогорулаган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүндө Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты. Реконструкцияланган көчө 49-көчө менен кесилишип,

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда автокран оодарылып кеткен окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 7-май күнү Матыев көчөсү 21 жана 21/2 дарегинде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда болгон. Автокран өндүрүштүк

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо