Эми бизнесмендер товарларын эч кандай бажы төлөмү жок АКШга экспорттой алышат

Эми бизнесмендер товарларын эч кандай бажы төлөмү жок АКШга экспорттой алышат

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповго Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу карым-катнашын чыңдоо жана ошондой эле кыргызстандык ишкерлерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында АКШнын «Жалпы артыкчылыктар тутуму»(General System of Preferences”) программасын колдонууну тапшырды.

Аталган программанын (“Жалпы артыкчылыктар тутуму”) алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпысы 5000ге чейин ар кандай товарларды эч кандай бажы төлөмү жок АКШга экспорттоого уруксат берилген.

Бул программа Кыргызстанда өндүрүлгөн сейрек кездешүүчү сапаттуу айыл-чарба товарларын (кыргыз тоо балы, чычырканак кошулмалуу суусундук, кара өрүк, жер жаңгак жана топоз өңдүү башка жандыктардын эттери, форель ж.б.) АКШга экспорттого мүмкүнчүлүк түзөт.

Азыркы учурда кыргыз ишкерлеринин АКШнын аталган программасын толук колдонуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде бардык шарттарды түзүп берүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш башталды.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-