Көмүскө экономика – 6 миң салык төлөөчү салык отчетун бербей келет

Көмүскө экономика – 6 миң салык төлөөчү салык отчетун бербей келет

Жыл башынан бери аймактык салык органдары тарабынан салык отчетторун бербеген 6 миң 53 салык төлөөчү аныкталган. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен 2 миң 384 юридикалык жак, 2 миң 91 жеке ишкер жана 778 дыйкан (фермердик) чарбасы.

Ошондой эле, салык органдарында каттоодон өтпөгөн 2 миң 34 чарба жүргүзүүчү субъект ачыкка чыкты. Алардын ичинен 566 юридикалык жак, 1 миң 11 жеке ишкер жана 457 дыйкан (фермердик) чарбасы.

Бул иш-чаралар ишкерлерди каттоодон өткөрүү, экономиканын көмүскө секторунда иш алып барган чарбакер субъекттердин салык төлөөдөн баш тартуу фактыларын аныктоо, ошондой эле жалган бизнеске каршы күрөшүү максатында жүргүзүлдү.

Жалпысынан 2021-жылдын 1-июлуна карата 754.6 миң субъект салык каттоосунан өткөн, анын 127.1 миңи – юридикалык жактар, 377.9 миңи – жеке ишкерлер, 249.6 миңи – дыйкан (фермердик) чарбалары.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-