Кепилдик фонду алты айда 540 млн сомго кепилдик берди

Кепилдик фонду алты айда 540 млн сомго кепилдик берди

2021-жылдын I жарым жылдыгы үчүн «Кепилдик фонду» ААКы 540 млн сомдон ашык суммага 383 кепилдик берген. «Кепилдик Фондго» берилген насыялардын суммасы дээрлик 1.9 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

2021-жылдын июнь айынын аягындагы абал боюнча, өлкөнүн дээрлик бардык региондорунун ишкерлери кепилдик колдоосун алышкан, ал эми лидерлик орундарды Чүйдүн ЧОБ өкүлдөрү алышты, алардын бизнес-долбоорлору үчүн 29%, ал эми Бишкек шаарындагы ишкерлерге 25% кепилдиктер берилген.

Бишкек шаарындагы ишкерлерге 25% кепилдиктер берилди. Жалал-Абад жана Ош облустарындагы чакан жана орто ишканалар үчүн кепилдиктердин жалпы санынын 13% жөнөтүлдү. Калган 20% кепилдиктер Ысык-Көл облусунда– 7%, Талас облусунда – 5% жана Нарын облусунда – 4% ишкерлерди колдоо үчүн бөлүнгөн.

«Кепилдик Фонду» ААКсы мурдагыдай эле, артыкчылык катары, кепилдиктердин жалпы санынын 44%ы жөнөтүлгөн айыл чарба жана өнөр жай тармагында иш алып барган ишкерлерге берээрин фонддон билдиришти.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын ушул эле мезгилинде ишкерлерге 250 млн сомго жакын 180 кепилдиктер берилип, «Кепилдик фонду» ААК кепилдик берген насыялардын көлөмү 1 млрд сомдон ашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-