Улуттук банк коммерциялык банктардын директорлор кеңешине талапкерлерди кабыл алат

Улуттук банк коммерциялык банктардын директорлор кеңешине талапкерлерди кабыл алат

Улуттук банк туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын директорлор кеңештерине талапкерлердин тышкы резервине киргизүү үчүн талапкерлерди ачык тандоо тууралуу жарыялайт. Бул тууралуу регулятордун басма сөз кызматы кабарлады. 

Ачык тандоого катышуу боюнча кеңири маалымат менен Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Сынактар» бөлүгүнөн таанышууга болот. 

Коммерциялык банктардын директорлор кеңештеринин мүчөлөрү кызмат орундарына тышкы резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана акыркы 10 (он) жыл аралыгында экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде  

3 (үч) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу  

2) акыркы 10 жыл аралыгында банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарда кеминде 2 (эки) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу 

3) кынтыксыз ишкердик абройго ээ болуу 

4) корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана КРнын банк мыйзамдарын билүү  

5) КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун 4-бөлүгүнүн 20-главасынын шарттарына туура келбөө. 

Кепилдик фонддордун директорлор кеңештеринин мүчөлөрү кызмат орундарына тышкы резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде 2 (эки) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу

2) банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарда кеминде 1 жыл иш тажрыйбасына ээ болуу 

3) корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана кепилдик фонддордун ишин жөнгө салган КРнын мыйзамдарын билүү; 

4) КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө жобонун» 3-главасынын 28-пунктунун шарттарына туура келбөө. 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун директорлор кеңештеринин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына тышкы резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана маалыматтык технологиялары, экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде 3 жыл иш тажрыйбасына ээ болуу, анын ичинен кеминде 2 жыл жетектөөчү кызматтарда 

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ болуу 

3) корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана банктардын, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салган КРнын мыйзамдарын билүү

4)  соттолгон эмес. 

*Жетекчи кызмат орду дегенден улам, тиешелүү уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн болбогон кызмат ордун түшүнүү зарыл. Мында, иш тажрыйбасына коопсуздук маселелерин жөнгө салууга жана чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу аталган уюмдун бөлүмдөрүндө иштеген учурлар кошулбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-