«Жалпы иш», «Таза Шайлoо» ассоциациясы жана «Эгль» кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

«Жалпы иш», «Таза Шайлoо» ассоциациясы жана «Эгль» кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

“Жалпы иш” коомдук фонду, ““Таза шайлоо” Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси, “Эгль” коомдук фонду жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмеси Кызматташтык жана өз ара аракет жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документ шайлоо процесстери жаатындагы коомдук маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди колдоо, шайлоо жыйындарын өткөрүү үчүн жакшы шарттарды түзүү, кесиптик мобилдүүлүккө көмөктөшүү жана кесипкөй кадрларды колдоо, тең укуктуулуктун, ак ниеттин, урматтоонун жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кабыл алынган.  

“Меморандумдун негизги максаты – өнөктөш уюмдар ортосунда маалымат алмашуу, шайлоого байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча бирдиктүү көз карашты колдоо. Биз ачык жана таза шайлоо өткөрүүгө чакырабыз”, – деди “Таза шайлоо” Ассоциациясы” ЮЖБнын аткаруучу директору Эдир Бова. 

“Эгль” КФнын жетекчиси Чолпон Омурканованын айтымында, төрт уюм тең Кыргыз Республикасындагы шайлоого жарандык коомдук мониторинг жүргүзүү менен алектенет. “Биздин тандем шайлоо күнү эле эмес, шайлоо алдындагы жана андан кийинки мезгилде да жарандык көзөмөлдү жана шайлоого байкоо жүргүзүүнү күчөтүүгө, ошондой эле узак мөөнөттүү байкоочуларыбыздын ортосундагы байланышты жакшыртууга жана кыска мөөнөттүү байкоочулардын коопсуздугун жеринде күчөтүүгө мүмкүндүк берет”, – деди ал. 

“Социалдык технологиялар агенттиги” КБнын директору Зульфия Көчөрбаева, аталып өткөн өкмөттүк эмес уюмдардын ортосунда шайлоолорго жарандык байкоо жүргүзүүнүн алкагында жакшы мамиле көптөн бери калыптанып калганын жана меморандумга кол коюу мындай тажрыйбанын логикалык уландысы болгонун белгиледи.

“Чындыгында биздин уюмдардын ортосундагы кызматташуу 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында башталган. Биз буга чейин бир катар актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен билдирүүлөрдү жасаганбыз. Меморандумга кол коюу биздин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү кененирээк колдонууга шарт түзөт деп ишенебиз, анткени шайлоо чөйрөсүндө дагы эле көптөгөн чечилбеген маселелер бар”, – деп жыйынтыктады “Жалпы иш” КФнын башкармалыгынын төрайымы Аида Суйундуева. 

Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүнү макулдашышты:

  • Шайлоо процесстерине көз карандысыз байкоону уюштурууга көмөктөшүү, татыктуу жана таза шайлоого жетишүүнүн узак мөөнөттүү перспективалары
  • Шайлоо мыйзамдары жаатында окуу иш-чараларын (тренингдерди, семинарларды ж.б.) уюштурууга көмөк көрсөтүү
  • Демократиялык принциптерге жана эл аралык стандарттарга ылайык шайлоо процесстерин өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын аныктоо үчүн тобокелдиктерди жана чакырыктарды талдоону уюштурууга көмөк көрсөтүү
  • Таза шайлоолорго жетишүү чөйрөсүндө жаңы жаңычыл идеяларды ишке ашырууга көмөктөшүү.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкектин борборундагы айрым жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Кыргыз геология кызматы жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүүнүн пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты – жер казынасын пайдаланууга укук берүү иштеринин ачык-айкындуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу административдик