«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо процесстерине байкоо жүргүзүүнун алдын ала отчетун даярдады

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо процесстерине байкоо жүргүзүүнун алдын ала отчетун даярдады

2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүгө узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө «Жалпы иш» коомдук фондунун алдын ала отчету.

Отчет КР ЖКнын депутаттарын шайлоо белгиленген учурдан тартып, 2021-жылдын 29-августунан 18-ноябрына чейинки мезгилге тиешелүү жана талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо жол-жоболорун, талапкерлердин тизмесин, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын (БШК, ОШК, УШК) түзүү жана ишмердигин, шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жана актуалдаштыруунун жол-жоболорун, маалымдоонун жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мезгилиин, ошондой эле тийиштүү инстанцияда шайлоо мыйзамдарын жана кайрылууларды (арыздарды жана даттанууларды) берүүнүн бузулууларын аныктоону камтыйт.

Жалпысынан бирдиктүү округу боюнча 21 саясий партия катталган, алардын көбү таптакыр жаңы. VI чакырылыштагы парламентке кирген партиялардын ичинен алдыдагы шайлоого “Ата Мекен” гана барат. Парламенттин башка фракцияларынын депутаттары башка партиялардын талапкерлеринин тизмесине киргишкен же бир мандаттуу округдарда талапкерлигин көрсөтүлгөн.

2021-жылдын 18-ноябрына карата бир мандаттуу округдар боюнча 297 талапкер катталган.

Ош жана Талас облустарында бир дагы аял талапкер жок. Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында 20 аял талапкер бар.

Бир мандаттуу шайлоо округдарындагы атаандаштыктын децгээли ар бир округга жараша айырмаланат. Мисалы, Кадамжай шайлоо округу боюнча 18 талапкер, Өзгөн жана Ноокат шайлоо округдарында 2 жана 3 талапкер ат салышууда. Республика боюнча бир мандат үчүн орто эсеп менен 8 талапкер талапкерлигин коё алат.

Байкоочулардын маалыматына ылайык өлкөдө шайлоонун алдындагы коомдук-саясий кырдаал салыштырмалуу тынч. Шайлоо алдындагы мезгил мурдагы шайлоо өнөктүктөрү сыяктуу эле пандемия шартында өтүп жатат. Мында, экономиканы калыбына келтирүү жай темп менен жүрүп жатат, тиешелүүлүгүнө жараша, өлкөнүн көпчүлүк жарандарында оор социалдык-экономикалык абал белгиленет. Байкоочулар жумушсуздуктун көбөйүшүнө, тама-аш азыктарынын бааларынын өсүшүнө, Бишкектин чет жакаларында жана аймактарда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө, экологиялык кырдаалдынначарлашына байланыштуу жарандардын нааразычылыгын белгилешүүдө. Буга байланыштуу жергиликтүү митингдер болуп жатат.

Жигердүү шайлоо укуктарын ишке ашырууга кайрылсак, Фонд Форма №2 боюнча өлкө ичинде шайлоо дарегин алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга байланышкан айрым көйгөйлөр бар экенин белгилейт. Жогорку Кеңеш жарандардын жигердүү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн башка мүмкүнчүлүктөрдү караш керек болчу. Форма-2нин жокко чыгарылышына байланыштуу иш жүзүндө жашаган жери каттоосу менен дал келбеген студенттер, ички мигранттар жана башка айрым категориядагы жарандар алдыдагы шайлоодо добуш бере алышпайт.

Мурунку шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу шайлоо алдындагы үгүт иши талапкерлердин жана саясий партиялардын жигердүүлүгүнүн аздыгы, көрунөө үгүт материалдарынын аздыгы, бирок социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жигердүү үгүт иштери менен мүнөздөлөт.

БШК, ЖМК жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жарандарга шайлоо тууралуу маалымат берүү иштеринин күчөтүлгөнүн белгилей кетүү керек. Бирок шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо өткөрүүнүн жаңы эрежелери менен таанышууга объективдүү убактысы аз болгон. Мыйзамды кабыл алуу менен шайлоону белгилөөнүн кыска мөөнөттөрү шайлоочуларга добуш берүү процессин, шайлоо бюллетендерин толтуруу тартибин толук түрдө түшүнүүгө мүмкүндүк бербейт, өзгөчө бир шайлоо округу боюнча, бул жараксыз (бузулган) бюллетендердин санынын көбөйүү коркунучун жаратат.

Алдыда боло турган шайлоолордогу дагы бир жаңылык талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун ачыктыгынын “Финансылык ачыктык” автоматташтырылган маалымат системасын (ФА АМС) ишке киргизүү болуп саналат. 2021-жылдын 15-ноябрынан тартып система талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт.

Шайлоо фонддорунун талдоосу көрсөткөндөй, эң көп шайлоо фондуна ээ болгон төрт партиянын (“Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Альянс” жана “Ынтымак”) жалпы суммасы 99,3 миллион сомду түзөт, бул калган 17 партиянын шайлоо фонддорунун жалпы суммасынан (67,6 млн. сом) ашат. Эң көп көрнөк-жарнактар, штабдар жана үгүтчүлөр беш саясий партияда байкалган: “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Альянс”, “Ынтымак” жана “Эл үмүтү”. 

Фонд тарабынан жүргүзүлгөн байкоочулардан келип түшкөн отчеттордун талдоосу көрсөткөндөй, негизинен үгүт иштеринин эрежелерин бузуу, үгүт материалдарынын бузуу байкалат. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочулардын добуштарын сатып алуу барган сайын татаалыраак ыкмалар менен жүргүзүлүп жатат, бул аларды аныктоону жана далилдүү база катары тастыктоону кыйындатат. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды сатып алуу үчүн үчүнчү жактар тартылып жатканы, ал эми сатып алуу көбүнчө ар кандай иш-чараларды (тойлор, куран окутуулар, мааракелер ж.б.) өткөрүү менен жаап-жашырылып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатат. 

Жалпысынан Фондго 2021-жылдын 25-октябрынан 18-ноябрына чейин узак мөөнөттүү байкоочулардан шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 127 билдирүү келип түшкөн, анын ичинде шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча 111 билдирүү, добуштарды сатып алуу боюнча 8 билдирүү жана административдик ресурстарту кыянаттык менен пайдалануу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуулар боюнча 8 билдирүү. Эң көп мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр Ош облусунда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган. 

Фонд шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланганга чейин КР ЖК депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнү улантат. Добуш берүү күнүнөн кийин Фонд узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү байкоолордун жыйынтыгы боюнча алдын ала баа берет. Узак мөөнөттүү байкоонун жыйынтыгында Фонд бүтүндөй шайлоо процессин, анын ичинде шайлоодон кийинки мезгилди камтыган жыйынтыктоочу отчет даярдайт.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкектин борборундагы айрым жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Кыргыз геология кызматы жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүүнүн пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты – жер казынасын пайдаланууга укук берүү иштеринин ачык-айкындуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу административдик