«Жалпы иш»: Түштөн кийин шайлоодогу мыйзам бузуулардын саны 33кө жетти

«Жалпы иш»: Түштөн кийин шайлоодогу мыйзам бузуулардын саны 33кө жетти

Саат 16:00гө карата “Жалпы иш” КФнын байкоочулары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө 33 мыйзам бузуу жөнүндө билдиришти.

Анын ичинде 10 бюллетендерди кайра саноо болгон эмес экендигин көрсөтөт, УШКнын отуруму болгон эместиги жөнүндө 7 билдирүү (анын ичинде чүчүкулак кармоо болгон эмес), добуш берүүнүн сырын бузуу жөнүндө 2 билдирүү, коомдук байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузуу, байкоочуга карата кысым жөнүндө 1 билдирүү, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү жөнүндө 5 билдирүу, AЭУнүн бузулушу жөнүндө 1 билдирүү, AЭУга мөөр басылбагандыгы жөнүндө 1 билдирүү, шайлоочулардын тизмесинен четтөө жөнүндө 1 билдирүү, УШКда бөтөн адамдардын болушу жөнүндө 1 билдирүү, партиялардын тизмесин калибрлөөдө техникалык ката жөнүндө 1 билдирүү, башка шайлоочунун ордуна добуш берүү жөнүндө 1 билдирүү жана УШКнын төрагасы алынган бюллетендерди визуалдык тааныштыруу үчүн келгендерге көрсөткөн эместиги жөнүндө 2 билдирүү.

Биз коомдук байкоочунун укугу добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү учурунда 12:00дөн 16:00гө чейин биздин байкоочулар жүргөн эки (же 0,7%) участоктордо  бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды алдык.

Ушул эле мезгилде добуш берүүнүн сыры “Жалпы иш” КФнын байкоочулары жүргөн беш  (же 1,3%) участокто бузулган.

Саат 16:00гө карата шайлоочулардын келүүсү 25,1%ды түздү (0,99% тактыкта +/- 3,05% каталар менен). “Жалпы иш” КФнын келүү боюнча маалыматтары каталар чегинде Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматтарына дал келет. 

Саат 16:00гө карата фонддун байкоочулары добуш берүү учурунда 33 бузуулар жөнүндө билдиришти.  

Аймактар ​​боюнча бөлгөндө кырдаал төмөнкүдөй:

  • 10 билдирүү бюллетендерди кайра саноо болбогонун көрсөтүп турат:
  • Бишкек шаары – 1
  • 1223 УШК Бишкек шаары Биринчи Май ОШК
  • Ысык-Көл облусу – 2
  • 3174 УШК Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз ОШК
  • 3048 УШК Ысык-Көл облусу Ысык-Көл ОШК
  • Ош облусу – 7
  • 5231 УШК Ош облусу Төлөйкен ОШК
  • 5510 УШК Ош облусу Төлөйкен ОШК
  • 5043 УШК Ош облусу Куршаб ОШК
  • 5201 УШК Ош облусу Кара-Суу ОШК
  • 5161 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5027 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5424 УШК Ош облусу Көк-Жар ОШК

УШКнын отуруму болбогондугу жөнүндө 7 билдирүү (анын ичинде чүчүкулак кармоо болгон эмес) көрсөтүп турат:

  •  Бишкек шаары – 2
  • 1223 УШК Бишкек шаары Биринчи май ОШК
  • 1346 УШК Бишкек шаары Свердлов ОШК
  •  Ош облусу – 3
  • 5140 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5128 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5247 УШК Ош облусу Төлөйкен ОШК
  • 5043 УШК Ош облусу Куршаб ОШК
  • Чүй облусу – 1
  • 7101 УШК Чүй облусу Ысык-Ата ОШК 

1 билдирүү байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузуу, байкоочуга кысым көрсөтүү:

  • 1223 УШК Бишкек шаары Биринчи май ОШК

 2 билдирүү добуш берүүнүн сырын бузуу:

  • 7219 УШК Чүй облусу Сокулук ОШК
  • 3156 УШК Ысык-Көл облусу Ак-Суу ОШК

 Шайлоо күнү үгүт иштери тууралуу 5 билдирүү:

  •  5115 УШК Ош облусу Өзгөн ОШК
  • 5125 УШК Ош облусу Өзгөн ОШК
  • 5254 УШК Ош облусу Төлөйкен ОШК
  • 5465 УШК Ош облусу Алай ОШК – 2 билдирүү.

1 билдирүү AЭУнун иштебей калышы:

  • 7234 УШК Чүй облусу Сокулук ОШК

 1 билдирүү AЭУга мөөр басылбаганда:

2124 УШК Ош облусу Сузак ОШК

1 билдирүү шайлоочулардын тизмесинен четтөө:

  • 7079 УШК Чүй облусу, Чүй-Кемин ОШК

1 билдирүү УШКда бөтөн адамдардын болушу: 

  • 5556 УШК Ош облусу Ош ОШК

1 билдирүү партиялардын тизмесин калибрлөөдө техникалык ката: 

  • 5271 УШК Ош облусу, Ош ОШК

1 билдирүү башка шайлоочунун ордуна добуш берүү: 

  • 2025 УШК Жалал-Абад облусу Сузак ОШК.

УШКнын төрагасы алынган шайлоо бюллетендерин визуалдык тааныштыруу үчүн келгендерге көрсөткөн эместиги жөнүндө 2 билдирүү:

  • УШК 5510 Ош облусу Төлөйкен ОШК
  • УШК 5043 Ош облусу Куршаб ОШК

“Жалпы иш” КФ жогорудагы мыйзам бузууларга байланышкан апелляциялар жана даттануулар менен кайрылат.

“Жалпы иш” коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн өлкө боюнча 600 кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөттү. Алар тандалган 300 шайлоо участогунун ачылыш жана жабылуу жол-жоболоруна, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуштарды саноого мониторинг жүргүзүшөт.

Фонд статистикага негизделген байкоону – шайлоо күнүндөгү конкреттүү шайлоо процесстери жөнүндө бүткүл өлкө үчүн мүнөздүү болгон тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берген шайлоонун мониторингинин алдыңкы усулдарын колдонот.  

Дагы 46 мобилдүү топ шайлоо участокторунун айланасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүгө жөнөтүлдү. Бишкектеги колл-борбор байкоочулардан маалымат чогултууга жардам берет, ал эми юристтер тобу аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтарды талдап, даттанууларды тиешелүү органдарга берүү боюнча иш алып барат. Ишти сегиз аймактык координатор жана башкы кеңсенин 20 кызматкери координациялоодо.

Шайлоого мониторинг “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек