Мыйзамды биз мыйзам чыгаруучу орган кабыл алабыз, аткаруу бийлиги аны аткарат, азыр мыйзамды зордукчулдук менен түртүп жатасыңар – депутат

Мыйзамды биз мыйзам чыгаруучу орган кабыл алабыз, аткаруу бийлиги аны аткарат, азыр мыйзамды зордукчулдук менен түртүп жатасыңар – депутат

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов «КРнын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоорун талкуулап жатып, Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен бир топ тартышты.

Эскерте кетсек, мурдагы жыйында депутаттар «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн мааниси – аны менчиктештирүү деген пикирлерин билдиришкен эле. Депутат Султанбай Айжигитов Конституциянын 16-беренесине ылайык, жайыттар менен токойлор менчиктештирүүгө мүмкүн эмес жана ага тыюу салынганын баса белгилеген.

«КРнын жер кодексинин 1-беренесинде дагы, жайыттарга асылдуулугу төмөн жерлер деген терминдин тиешеси жок деп жазылган. Андан тышкары, ошол эле 4-беренеде дагы жайыттарды менчиктештирүүгө мүмкүн эмес деп турат. Бул мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн мааниси эмнеде? Биринчиден, асылдуулугу төмөн деген түшүнүктү мыйзамга киргизип, жайыттарды асылдуулугу төмөн жерлер деген түргө киргизип, андан соң, өздөштүрүүгө алса, андан ары менчиктештирүүгө жол ачылат. Максаты ушул эле негизинен – жайыттарды менчиктештирүүго жол ачуу жана аны сатууга даярдоо», – деген Айжигитов.

Ал эми бүгүнкү жыйында депутат Атазов Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүн аталган мыйзам долбоорун түртүп эле киргизип жатасыңар, мүмкүн бул нерсенин артында кызыкчылыктар туру мүмкүн деген оюн айтты.

«Мыйзамды биз мыйзам чыгаруучу орган кабыл алабыз, аткаруу бийлиги аны аткарат, азыр мыйзамды зордукчулдук менен түртүп жатасыңар. Бул мыйзам боюнча эл аябай нааразы», – деген Атазов долбоорду экинчи окууга кайтарууну сунуштады.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутаттер Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев, Султанбай Айжигитов, Миргүл Темирбаева мыйзамга коомчулук тарабынан нааразычылык көп экенин белгилешти.

Жыйынтыгында кайчы пикирлер арбын экендигине байланыштуу кеңири талкуулоо үчүн кайрадан экинчи окууга кайтаруу чечими кабыл алынды.  

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана