Кара-Балтада экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Кара-Балтада экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Кара-Балтада мордон чыккан кара түтүн боюнча тиешелүү тарап жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдирди.

Мекеме билдиргендей, мордон коюу кара түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардын видео кайрылуу жарыяланган. Анын негизинде тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору окуя болгон жерге барып, абалды текшеришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарынын бузулушу аныкталып, мыйзам бузууга жол берген тараптка Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик протокол түзүлүп, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Агроөнөр жай тармагындагы 2 074 субъектке 6 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

Акыркы беш жылда өлкөдө 5,6 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарын районунда 150 орундуу мектептин курулушу 95%га жетти

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 1,4 трлн сомдон ашты

Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады