Баалар эң көп Нарын облусунда көтөрүлдү – Улутстатком

Баалар эң көп Нарын облусунда көтөрүлдү – Улутстатком

Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 5%ды түздү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.

Ушул эле учурда тамак-аш азыктарына жана алкоголдуу ичимдиктерге 7.7%га, алкоголсуз суусундуктарга жана тамекиге 6.5%га, азык-түлүк эмес товарларга 3.3%га, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 1.7%га өскөнү байкалды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында керектөө бааларынын өскөнү бүт региондордо байкалган.

Бирок максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (6%) Нарын облусунда катталган, мунун себеби башка аймактарга караганда алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын өсүшү (15.8%) менен түшүндүрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Май айындагы эс алуу күндөрү “Унаа” кызматы үзгүлтүксүз иштейт

Май айындагы эс алуу күндөрү “Унаа” кызматы үзгүлтүксүз иштейт

1-майдан 10-майга чейин “Унаа” мамлекетик кызматынын бөлүмдөрү штаттык режимде иш алып барат. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы ырастады. Май айындагы майрам күндөрү кайсы филиалдар иштейт: -   Бишкек шаардык бөлүмү (Аю Гранд); -   “Биримдик 24”; -   Ош шаардык бөлүмү; -  Ош аймактык бөлүмү; -  Манас шаардык бөлүмү; -  Жалал-Абад

Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдук жардам көрсөтүлөт

Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдук жардам көрсөтүлөт

Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдук бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, бул үчүн президенттин фондунан 4 миллион 848 миң сом бөлүнөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун

Бишкекте кыргыз-кытай кызматташтыгынын жаңы багыттары каралды

Бишкекте кыргыз-кытай кызматташтыгынын жаңы багыттары каралды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Коргоо министри, Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү адмирал Дун Цзюнь менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Белгиленгендей, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин буга чейинки

2026-жылы 4 млрд сомго 1427 техника лизинг аркылуу берилди

2026-жылы 4 млрд сомго 1427 техника лизинг аркылуу берилди

Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп келет. Бул тууралуу  айыл арба мнистрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өндүрүштүн негизги каражаттарын техникалык жабдуу, өлкөнүн машина-трактор паркын кайра калыбына келтирүү жана модернизациялоо, техникалык кызмат көрсөтүүчү кызматтардын инфраструктурасын кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба техникасын лизинг жолу менен өнүктүрүү үчүн 2011-жылдан