Ошто 7 млн сомдук контрабандалык тамеки табылды

«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери суммасы 7 млн
сомдон ашкан контрабандалык тамекилерди кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт
каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери Ош шаарынан КР жараны Ж.К.А. башкаруусунда «Mercedes-Benz 211» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Транспорттук каражатты текшерүүдө акциз маркалары жок, саны
1.7 млн даана (14 500 куту, 29 таңгак) болгон «Milano London» жана
«Milano New York» соода маркасынын филтри менен тамекилер товары табылган. Кармалган жүктүн орточо базар баасы 7 млн 395 миң сомду түзгөн.

Факт КБР МЭЖ АМСта катталган, материалдар Ош облусунун
прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарын облусунда 9 айда 95 ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү

Жайыттар калыбына келтирилип, жолдору оңдолмокчу

Кийинки жылдан тарта кимдердин жөлөкпулдары көтөрүлөт?

Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялар 422,9 млрд сомго жетип, 62,9%га өстү

Кара-Балтада экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды