Экономика министрлиги өлкөнүн экономикасы жакшы динамика көрсөтүп жатканын айтат

Экономика министрлиги өлкөнүн экономикасы жакшы динамика көрсөтүп жатканын айтат

Экономика жана коммерция министрлиги 2022-жылдын январь-март айларында ИДП 4.5%га өскөнүн билдирди.

Министрлик түзүлгөн кырдаалга карабастан, экономика жакшы динамика көрсөтүп жатат дейт. Ага ылайык:

  • Январь-март айларында айыл чарбасында 35.6 млрд сомдук продукция өндүрүлгөн. Айыл чарбасынын өсүшү мал чарба продукциясын 2.3%га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды
  • 2022-жылдын биринчи кварталында кайра иштетүү өнөр жайында 52.6 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, реалдуу өсүш 114.7%ды түздү.
  • Өндүрүштүн өсүшү белгиленген өнөр жайдын түрлөрү: мунай продуктуларын өндүрүү (+31.8%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү (+25.5%), фармацевтика (+21.3%), негизги металлдар жана даяр металл буюмдары (+ 20.3%, тамак-аш өнөр жайы (+14.1%), текстиль өндүрүшү, тигүү жана бут кийим өндүрүшү (+5.8%).
  • Курулуш сектору оң динамикасын көрсөтө баштады. Үстүбүздөгү жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 2.2%ды түздү.
  • Биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча дүң (+11.8%) жана чекене (+7.3%) сооданын көлөмүнүн өсүшү байкалган.
  • Мейманкана индустриясы өткөн жылдан бери жакшы динамикасын көрсөтүүнү улантууда жана ушул жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча 43.9% өстү.
  • 2022-жылдын биринчи кварталында коомдук тамактануучу жайлардын (ресторандар, кафелер ж.б.) кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 3.4 млрд сомду түзүп, 7.7%га өстү.
  • Байланыш тармагында кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 8.1%га өсүп, 6.3 млрд сомго жетти.
  • 2022-жылдын январь-февраль айларында КРнын тышкы соода жүгүртүүсү 1 349.5 млн АКШ долларын түзүп, 1.6 эсеге өстү.
  • 2022-жылдын январь-февраль айларында экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 3.8%га өсүп, 246.3 млн АКШ долларын түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана