Карыздан карызга. Бишкекке алына турган автобустар 16 жылга жарайт, кредитти КР 2053-жылга чейин төлөйт

Карыздан карызга. Бишкекке алына турган автобустар 16 жылга жарайт, кредитти КР 2053-жылга чейин төлөйт

Бүгүн, 19-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Азия өнүктүрүү банкы менен КР Министрлер кабинетинин ортосундагы кредиттик макулдашуу боюнча долбоор каралды.

Ага ылайык, борборго алына турган  120 даана энергия үнөмдөөчү электр автобустарына Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 56 млн доллар алат. Анын 25 млн доллары кредит катарында, 25 млн доллары грант түрүндө берилет.

Вице-мэр Бактыбек Абдиевдин берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Бишкекте 185 даана троллейбус жана 85 автобус бар, андан тышкары, 1200-1500 микроавтобустар жүрөт. Учурда борборго чоң габариттеги 1200 автобус жетишпейт. Вице-мэр шаардын экологиясына карап электр автобустарын алуу каралып жатканын жана алына турган кредиттин төлөө мөөнөтү жөнүндө айтты.

«Алынган кредитти декабрда жана июнь айларында эки транш менен төлөйт экенбиз, ошентип 2053-жылга чейин кутулганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Автобустардын мүнөздөмөсүнө келсек, узундугу 11-12.5 метрлик, 28 орундуу болот, эксплуатациялык мөөнөтү 16 жыл», – деди Абдиев.

Ошондой эле ал акыркы жылдары 2013-жылы 79, 2018-жылы 52 троллейбус алынганын жана алардын карызы 2025-жылы бүтөөрүн, жылына ал үчүн 75 млн сомдон мэрия төлөп берип жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана