Кыргызстандыктар Россияга учак менен гана бара алышат

КРнын Россиядагы элчилиги кыргызстандыктар Россияга учак менен гана бара алаарын эскертти.

Элчилик 2022-жылдын 11-апрелинен тартып, Казакстанга КРнын, Россиянын жана Өзбекстандын чек арасы боюнча өтүүчү кургактыктан өткөрүү пункттары аркылуу өтүүгө уруксат берилгенин билдирет.

«Бирок Россия Өкмөтү тарабынан чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде КРнын жарандарына коронавирус инфекциясына карата эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Россияга кургактыктагы өткөрүү пункттары аркылуу кирүүгө тыюу салуу чечими күчүндө калгандыгын белгилейбиз», – дейт элчилик.

Россиядан аталган пункттар аркылуу автоунаа менен чыгууга гана уруксат берилет. Учурда КРнын жарандарына Россиянын аймагына аба аркылуу кирүүгө гана уруксат берилген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кийинки жылдан тарта кимдердин жөлөкпулдары көтөрүлөт?

Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялар 422,9 млрд сомго жетип, 62,9%га өстү

Кара-Балтада экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Агроөнөр жай тармагындагы 2 074 субъектке 6 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

Акыркы беш жылда өлкөдө 5,6 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү