Жеңилдетилген кредитти кайсы депутаттардын компаниялары алат? – тизмеси

Жеңилдетилген кредитти кайсы депутаттардын компаниялары алат? – тизмеси

Агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнгөн 10 млрд сомду ала турган компаниялардын тизмесин депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн твиттер баракчасында жарыялаган болчу.

Анда ал жеңилдетилген насыя ала турган компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын фирмалары бар экенин айткан. Сурабалдиеванын айтымында, кайра иштетүүчү 73 ишканага 3.8 млрд сом насыя берүү каралган.

«Т-Медиа» маалымат порталы өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардын кимиси бул тизмеде бар экенин тактады. Аталган редакциянын берген маалыматы төмөндө берилет.

Депутаттардын изи

«Томат КейДжи»

«Томат КейДжи» дыйкан үрөнчүлүк чарбасы 2021-жылдын октябрь айында кайра каттоодон өткөн. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин уулу Жапаркул Саккараев ээлик кылат. 2021-жылы аталган компания бюджетке 11.4 миллион сом салык төлөгөн.

Саккараевдердин үй-бүлөсү бизнесте дагы, саясатта дагы активдүү экенин буга чейин Factcheck.kg иликтеген. Аларга тиешелүү «Эл биримдиги» партиясы 2021-жылкы июль айындагы жергиликтүү кеңештерге кайроо шайлоонун жыйынтыгы менен төрт мандатка ээ болгон. Партиясынын тең негиздөөчүлөрүнүн арасында Медербек Саккараевдин эжелери, жезделери жана жээни бар.

«Бай Элим Компани» 

Аталган компания буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевге тиешелүү болгон. Азыр жубайы Рысгүл Акимжанова менен уулу Байэл Токтошевге катталган. Компания кеңири ассортименттеги товарлардын дүң соодасы менен алектенет. 

Рысгүл Акимжанова былтыр 11-апрелде Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо «Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясынан катышкан. Мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, 11-июлда кайра шайлоо болгон.  

«Кара-Су-Дан-Азык» компаниясы

«Кара-Су-Дан-Азык» ачык акционердик коому Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираиловдун атасына таандык. Ишкана ун жана дан азыктарынан өндүрөт. Юстиция министрлигинин сайтында акционердик коомдун директору катары Исираилов Алмазбек Турдалиевич көрсөтүлгөн. Депутаттын ишмердүүлүгүндө да эмгек жолун 2013-жылы үй-бүлөсү ээлик кылган «Кара-Су-Дан-Азык» ишканасында баштаганы жазылган. 

Өкмөт мүчөлөрүнүн изи

«Мариям Ош» жана «ДанЮг»

Өкмөттөн насыя алуучулардын катарында жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевдин баласына таандык делген компаниялар да бар. Алардын бири  — Ош шаарында жайгашкан «Мариям Ош» ун чыгаруучу фирмасы. Оsoo.kg сайтында компаниянын директору Эргешев Дастан Бакытович деп айтылат. Экинчиси — «ДанЮг» ЖЧКсы, ал да Төрөбаевдин уулу Дастан Эргешовго катталган. Ун чыгаруучу завод Жалал-Абад шаарында орун алган.

«Тазажан» компаниясы

Оsoo.kg сайтында «Тазажан» ЖЧКсына Журукбаев Салимжан Сейсенович директор деп көрсөтүлгөн. Бирок Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Экмат Байпакбаев өзү аталган ун чыгаруучу фирмага тиешеси бар экенин айткан жайы бар. 

«Чоң Алай Экопродук» 

Тизмеден «Чоң Алай Продукт» команиясын да кездештирүүгө болот. Фирма Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында жайгашкан. Анын жетекчиси — Сулайманов Медербек Чолпонбаевич.

Компаниянын Юстиция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн телефон номерине чалып, Сулаймановдун өзү менен байланыштык. Ал мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун атасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурлан Сулаймановдун бир тууган иниси экенин тастыктады. 

Мурдагы талапкерлер

«ДанЮГ»

«Дан-Юг» ААКсынын ээси катары Султанбек Тойгонбаев көрсөтүлгөн. Ал 2014-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен шайланган.  Мындан тышкары насыя алууга арыз таштагандардын арасында мурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондордон «Кыргызшампаны» ЖЧКнын директору Алымбек Чаткалбаев, «Кошой» ЖЧКсынын директору Александр Барбалат бар.

Ири бизнесмендер

«Мико Групп»

Компаниянын негиздөөчүсү катары Юстиция министрлигинин сайтынан Назарбекова Умсун Умаровна чыкты. Ал ОсОО «Аруу Жылдыздын» негиздөөчүсү жана Vefa Center бизнес борборунун башкы директору. Назарбекова өкмөттүн мурдагы өкүлү Марат Назарбековдун апасы экендиги тууралуу Limon.kg басылмасы жазып чыккан. 

Жыйынтык: «Агроөнөржай комплексин кредиттөө» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя ала турган компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнө, депутаттарга байланышкан фирмалар бар экени чын. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана