Январь-март айларында ИДПнын көлөмү 144 млрд сомду түздү – реалдуу өсүү темпи 104.5%

Январь-март айларында  ИДПнын көлөмү 144 млрд сомду түздү – реалдуу өсүү темпи 104.5%

Январь-март айларында ИДПнын көлөмү 144 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104.5%га жетти. Бул тууралуу кечээ, 25-апрелде Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Финансы министринин орун басары Мэлс Аттокуров билдирди.

Жыйында 2022-жылдын январь-март айларындагы республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

Финансы министри берген маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-март айларына алдын ала эсептөө боюнча ИДПнын көлөмү 144 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104.5%ды түзгөн.

«Республикалык бюджетке 51 млрд 301 млн сом белгиленген план менен иш жүзүндө 52 млрд 985 млн сом жалпы киреше түшүп, план 103.3%га аткарылды. Январь-март айларында республикалык бюджеттен жалпы чыгашалардын көлөмү 49 млрд 72 млн сомду түздү», – деди Аттокуров.

Талкууда депутат Камила Талиева баяндамачы көрсөткөн профицитке карабай, «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылоо баштала электигин сынга алды.

Ошондой эле депутат Надира Нарматованын айтымында, тиешелүү органдар тарабынан координацияланган жана комплекстүү иштердин жоктугунан курулуш жана оңдоо иштеринин башталышы кечеңдеп жатат. Капиталдык салымдардын объектилеринин тизмеси өз убагында бекитилбегендиктен жана финансылык каражаттардын бөлүнүшүнөн улам сапаттуу жумуштарды өз убагында аткарууга мүмкүн болбой жатканын айтты.

Мындан тышкары, комитет мүчөлөрү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн түшүүсүн толук камсыздоо, аларды төлөө боюнча карызды кыскартуу, бюджеттик чыгаша милдеттенмелерин каржылоо, мамлекеттик карызды тейлөө, ай сайын бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча кассалык пландоо сапатын жогорулатуу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу чыгымдоо маселелерине көңүл бурушту.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана

Таш-Көмүрдө 38,6 миллион сомго балдар көркөм мектеби курулду

Таш-Көмүрдө 38,6 миллион сомго балдар көркөм мектеби курулду

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында балдар көркөм мектеби жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлдү. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 38,6 млн сомду түздү.  Имарат эки кабаттуу

BAKAI Travel менен саякаттап, 20%га чейин кешбэкти акчалай алыңыз

BAKAI Travel менен саякаттап, 20%га чейин кешбэкти акчалай алыңыз

Саякатка чыгууну пландап жатасызбы? Эми саякатка кеткен чыгымдарыңыздын бир бөлүгүн картаңызга кайтарып алсаңыз болот. BAKAI Travel жаңы акция баштады. Анын алкагында 20%га чейин кешбэк акчалай берилет: BAKAI мобилдик банкы аркылуу авиабилет сатып алсаңыз — 10%, ал эми мейманкана брондосоңуз — дагы 10% кешбэк аласыз. Авиабилет менен мейманкананы чогуу алуу шарт эмес.

Лейлек райондук прокуратурасы 40,1 миллион сомго курулат

Лейлек райондук прокуратурасы 40,1 миллион сомго курулат

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен облусунун Раззаков шаарында Лейлек районунун прокуратурасы үчүн административдик имарат курууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер сунуштарды стандарттуу баалоо ыкма аркылуу өткөрүлүүдө.  Курулуштун болжолдуу баасы 40 150 662 сомду түзөт. Сунуштар 14-сентябрга чейин кабыл алынат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары