«Дастан», MegaCom, «Кыргызтелеком» жана «Евразия сактык банкы» Санариптик министрлигине эмнеге өткөнүнүн себебин айтышты

«Дастан», MegaCom, «Кыргызтелеком» жана «Евразия сактык банкы» Санариптик министрлигине эмнеге өткөнүнүн себебин айтышты

Бүгүн, 14-майда Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова «Альфа Телеком» ЖАК, «Дастан» ТНК, «Кыргызтелеком» ААК жана «Евразия сактык банкы» ААК аталган министрликке эмнеге өткөрүлгөнү тууралуу маалымат берди.

Шаршенованын айтканына караганда, Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Дастан» ишканасынын базасында маалыматтарды иштеп чыгуу жана анын резервдик борборун куруу үчүн колдонууну пландаштырууда.

Ошондой эле ал «Кыргызтелеком» аймактарды зымдуу интернет менен камсыз кылуу, 4G байланышынын сапатын жогорулатуу үчүн зарыл экендигин, министрлик «Евразия банкын» финансылык технологияларды өнүктүрүү жана «Акылдуу сервис» сыяктуу экосистемаларды киргизүү үчүн пайдаланууну пландаштырып жатканын белгиледи.


Эскерте кетсек, мурда Мамлекеттик мүлк фондуна караган «ТНК Дастан» ААК, «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom уюлдук оператору), «Кыргызтелеком» ААК жана «Евразия сактык банкы» ААК Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү. Буга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бирок бул өзгөрүү «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов Кыргызстанга кайтып келгенден кийин кабыл алынды. Эскерте кетсек, ал келгенде УКМК аны жарым суткага камакка алып, бирок кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарып жиберген болчу.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ширшовдун жеке айдоочусу болуп иштеген.

11-майда Kaktus.media өз булактарына таянып, Ширшов Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов жана Нурлан Байымбетов аттуу бир адам менен чогуу саат 17:00дөр чамасында «Дастан» ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин кабинетинде чогулганын жана ал жердей эки сааттай баарлашканын жазган эле. Kaktus.media порталынын журналисти Ширшовдун Эрик Апышевдин кызматтык унаасы менен «Дастан» ишканасынын аймагынан чыгып баратканына да күбө болгон.

Президент Садыр Жапаров Ширшовдун Кыргызстанга кайра кайтып келишин Максим Бакиевдин эсебиндеги 200 млн долларды кайтарып берүүгө жардам берери менен түшүндүргөн жана аны өзү кабыл алганын да айткан. Кыргызстан Бириккен демократиялык кыймылы мамлекет башчы мындай аракеттери менен коомчулукту адаштырышы мүмкүн экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов кырсыктан улам чыгымга учураган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берген камсыздандыруу кенемтелерин тапшырды. Аймактын мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, 27-июнда катуу шамалда үйүнүн чатыры жабыркаган Жекенди айылынын тургуну Ж. Өмүрзаковго 50 миң сомдук, ал эми 29-июлда турак жайында өрт чыккан Н. Ормоновго 400 миң

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Балалык” тутумунун билдирүүлөрү ишке киргизилди. Мындан ары ата-энелер бала бакчага баласын каттоо тууралуу арызынын статусу боюнча ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу “Түндүк” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми “Түндүк” арызды кезекке туруу, орун бөлүү жана баланы кабыл алуу, кабыл алуудан баш тартуу, ошондой эле бала бакчадан

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төбөй айылында курулушу токтоп калган "Баластан" бала бакчасынын курулушу улантылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Алгач курулуш иштери демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, кийин токтоп калган. Эми курулуштун

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл