Депутаттар жүктөрдү өткөрбөй жаткан кыргыз-казак чек арасына барып, казак Мажлисинин өкүлдөрү менен жолугушту

Депутаттар жүктөрдү өткөрбөй жаткан кыргыз-казак чек арасына барып, казак Мажлисинин өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Казакстандын парламентинин Мажлисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамбыл облусунун Кордай айылында биргелешкен көчмө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн парламенттик делегациялары «Ак-жол» (Кордай), «Карасу» (Актилек) өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Андан ары депутаттар Кордай айылында биргелешкен жыйын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков өз ара алакаларды чыңдоонун эффективдүү механизми катары мындай эки тараптуу дипломатиялык жолугушуулардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле туризмди туруктуу өнүктүрүүдө Казакстан Кыргызстандын жакын өнөктөшү экенине токтолуп, алдыдагы туристтик сезонго карата даярдык көрүү жана өткөрүү маселелери боюнча ой бөлүштү.

«Ал эми депутат Адахан Мадумаров автотранспорт чөйрөсүндөгү кызматташууну жөнгө салган эки тараптуу ондогон келишимдердин жана документтердин талаптарын сактоо зарылчылыгы жөнүндө сөз кылып, КРдан келген жүктөрдүн жана жарандардын өтүүсүнө карата Казакстандын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан текшерүү жана контролдоо чараларын ишке ашыруунун тартиби боюнча пикирин билдирди.

«Көптөгөн келишимдер, резолюциялар, макулдашуулар бар. Бирок, алар иш жүзүндө колдонулбай калууда. Мындан жеке ишкерлер жапа чегип, жүк ташуучу унаалар узак убакыт кезек күтүүдө. Бизди кандай тосуп жатсаңыздар, эки тараптын бажычылары айдоочуларды да ошондой тосуп алуусун каалар элем», – деген Мадумаров өз сөзүндө.

Ушундай эле пикирге  токтолгон депутат Улан Бакасов узун кезектерден улам ишкерлер, өзгөчө тез бузулуучу жүктөрдү ташуучулар чыгымга учурап жатканын жүйө келтирген. Ага ылайык, жүктөрдү ташууда керектүү шарттарды түзүүнү өтүнүп, чек арадан өтүү жол-жобосун жеңилдетүү эки өлкөнүн жарандарына жана бизнес өкүлдөрүнө социалдык-экономикалык жактан жакшы натыйжа берерин кошумчалады.

Ошондой эле, депутат Нуржигит Кадырбеков Казакстан менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселесин сөз кылып, диалогго ачык экенин жана боордош мамлекеттин жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин депутаттары 2022-жылдын 1-майынан тартып КР мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан мекендештер жана чет элдиктер үчүн ПЦР тестине же COVID-19га каршы эмдөө боюнча документке талаптардын алгоритмдери жокко чыгарылганын эске салды.

Ушуга байланыштуу, депутаттар коңшу мамлекеттеги кесиптештеринен эки өлкөнүн чек арасындагы COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алып салуу маселесин тиешелүү республикалык штабдын кароосуна сунуштоону суранышты.

Муну менен катар биргелешкен жыйында жүк ташуучу унааларда ташылуучу товарларды тастыктоо, товарлардын ЕАЭБдин санитардык-карантиндик нормаларына шайкештигин аныктоо, керектүү документтердин камсыздалышы өңдүү маселелер талкууланды.

Өз кезегинде Казакстандын парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү кызыкдар экендигин билдирип, айтылган маселелерди Казакстандын парламентинин пленардык жыйынында көтөрөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов кырсыктан улам чыгымга учураган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берген камсыздандыруу кенемтелерин тапшырды. Аймактын мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, 27-июнда катуу шамалда үйүнүн чатыры жабыркаган Жекенди айылынын тургуну Ж. Өмүрзаковго 50 миң сомдук, ал эми 29-июлда турак жайында өрт чыккан Н. Ормоновго 400 миң

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Балалык” тутумунун билдирүүлөрү ишке киргизилди. Мындан ары ата-энелер бала бакчага баласын каттоо тууралуу арызынын статусу боюнча ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу “Түндүк” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми “Түндүк” арызды кезекке туруу, орун бөлүү жана баланы кабыл алуу, кабыл алуудан баш тартуу, ошондой эле бала бакчадан

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төбөй айылында курулушу токтоп калган "Баластан" бала бакчасынын курулушу улантылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Алгач курулуш иштери демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, кийин токтоп калган. Эми курулуштун

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл