Улуттук банк алдамчылык менен жүргүзүлгөн операциялардын алдын алуу үчүн бир катар сунуштарды берет

Улуттук банк алдамчылык менен жүргүзүлгөн операциялардын алдын алуу үчүн бир катар сунуштарды берет

Улуттук банк алдамчылык менен жүргүзүлгөн операцияларды алдын алуу боюнча бир катар сунуштарды берет.

Акыркы убакта кардарлардын/жарандардын ыңгайлуулугу үчүн уюштурулуучу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө байланыштуу аралыктан сунушталуучу финансылык кызматтарга суроо-талап өстү. Рынок бир орунда турбайт. Үйдөн чыкпай туруп эле өз акча каражатыңызды башкарууга жана төлөмдөрдү/которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жаңы инновациялык технологиялар улам пайда болууда. 

«Бирок башка бирөөнүн акчасына көз арткан кара ниет адамдар, жарандардын акчасын, ишенимин жана ак ниет ишенчээк асыл сапаттарына кыянаттык келтирип, бирөөнүн эсебинен тез пайда табуу үчүн түрдүү айла-амалдарды колдонуп келишет.  

Заманбап жана ыңгайлуу технологияларды колдонуудан коркпош керек. Бирок ар дайым этият болуп, сактык чараларын көрүү зарылдыгын эстен чыгарбоо зарыл. Анткени алдамчыларга кабылып калбоонун жолун билүү, сизге керектүү учурда туура чечим чыгарууга жардам берет», – дейт регулятор. 

Алдамчылык менен жүргүзүлгөн операцияларды алдын алуу боюнча Улуттук банктын сунуштары: 
  • Телефон аркылуу картаңыздын номерин жана PIN кодун эч качан бирөөгө бербеңиз. Банк кызматкерлери эч качан мындай маалыматты сурашпайт. Сизди алардын системасынан табуу үчүн аларга толук аты-жөнүңүздү билүү жетиштүү. Банк кызматкери эч качан сизге телефон чалып, картаңыздын реквизиттерин сурабайт. Эгерде чалган адам өзүн банк кызматкеримин деп тааныштырса, андан фамилиясын жана аты-жөнүн, кызмат ордун жана иштеген бөлүмүн сураңыз. Андан кийин картаны алган банкыңызга чалып, анын кызматкерлери эмне үчүн сиздин маалыматыңызды сурап жатканын сураңыз 
  • Банкоматтан акча алууда эч качан бейтааныш адамдарга жардам сурап кайрылбаңыз. Эгер сиз аны колдоно элек болсоңуз, картаны алууда жардам алуу үчүн банк кызматкерлерине кайрылганыңыз оң. Бирок бул учурда да, ПИН-кодду киргизүүдө, зарыл болсо, терүү панелин колуңуз менен жаап коюңуз 
  • Картаңыздын номерин, PIN-кодуңузду, картаңыздын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, картанын арткы бетинде кол коюу тилкесиндеги акыркы 3 сан) эч кимге, анын ичинде туугандарыңызга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, кесиптештериңизге да айтпаңыз. ЭЧ КИМГЕ! Бул маалыматты сизден башка эч ким билбеши керек; 
  • Расмий сайттарды гана колдонуңуз, текшерилбеген шилтемелерге эч качан кирбеңиз, айрыкча, жеке маалыматтарды жана картаңыздын маалыматтарын ал жерге киргизбеңиз
  • Эгерде сиздин картаңыз уурдалып же жоголсо, банкомат алып койсо же башка кыйынчылыкка кабылсаңыз, дароо банкыңызга чалыңыз
  • Ар дайым транзакцияларыңызды банктык көчүрмөңүз менен текшериңиз. Эгерде сиз жүргүзбөгөн транзакцияны тапсаңыз, анда тез арада банкка билдирүү жана кырдаалды жөнгө салуу өтүнүчү менен кайрылыңыз 
  • Электрондук капчыктарды колдонууда да сактык чараларын көрүңүз. Биринчиден, капчыкка кирүү үчүн узун сыр сөздү (мисалы, 6-16 белгиден турган пароль) коюп, идентификациядан өтүңүз 
  • Электрондук капчыктан сыр сөздү жана алынган SMS коддорду эч кимге, анын ичинде туугандарга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, кесиптештерге айтпаңыз жана ачыкка чыгарбаңыз 
  • Карта сыяктуу эле, электрондук капчыкты колдонууда, түшүнүксүз шилтемелерге кирбеңиз жана ал жерге маалыматтарды киргизбеңиз. Эгерде электрондук капчыгыңыздын тиркемеси жүктөлгөн телефонуңузду уурдатсаңыз, дароо банкыңызга кабарлаңыз жана капчыкка бөгөт коюңуз. 

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов кырсыктан улам чыгымга учураган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берген камсыздандыруу кенемтелерин тапшырды. Аймактын мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, 27-июнда катуу шамалда үйүнүн чатыры жабыркаган Жекенди айылынын тургуну Ж. Өмүрзаковго 50 миң сомдук, ал эми 29-июлда турак жайында өрт чыккан Н. Ормоновго 400 миң

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Балалык” тутумунун билдирүүлөрү ишке киргизилди. Мындан ары ата-энелер бала бакчага баласын каттоо тууралуу арызынын статусу боюнча ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу “Түндүк” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми “Түндүк” арызды кезекке туруу, орун бөлүү жана баланы кабыл алуу, кабыл алуудан баш тартуу, ошондой эле бала бакчадан

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төбөй айылында курулушу токтоп калган "Баластан" бала бакчасынын курулушу улантылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Алгач курулуш иштери демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, кийин токтоп калган. Эми курулуштун

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл