Январь-апрель айларында Кыргызстандын өндүрүшүнүн көлөмү 10.3%га өстү

Январь-апрель айларында Кыргызстандын өндүрүшүнүн көлөмү 10.3%га өстү

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-апрель айларында 116 миллиардга жакын сомду түздү жана өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 10.3%га жогорулады. Мындай көрсөткүчтөр Улутстаткомдун маалыматында айтылат.

КРнын өнөр жайы Кумтөр кенин иштетүүнүн эсебинен жогорку өсүштү көрсөттү – кенди эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшү 76 млрд 451 млн сомду түзүп, бир кыйла төмөн болмок (+2.4%).

Буга себеп фармацевтикалык продукциялардын (12.3%га), мунай заттардын (24.3%), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (25.8%), негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын (32,%), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (10.1%),  ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (2.9%) өсүшү таасирин тийгизди. 

Курулуш, айыл чарба жана дүң соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта – 2.9%га, айыл чарбасында – 2.2%га, дүң жана чекене соода – 6.9%га жогорулады.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов кырсыктан улам чыгымга учураган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берген камсыздандыруу кенемтелерин тапшырды. Аймактын мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, 27-июнда катуу шамалда үйүнүн чатыры жабыркаган Жекенди айылынын тургуну Ж. Өмүрзаковго 50 миң сомдук, ал эми 29-июлда турак жайында өрт чыккан Н. Ормоновго 400 миң

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Балалык” тутумунун билдирүүлөрү ишке киргизилди. Мындан ары ата-энелер бала бакчага баласын каттоо тууралуу арызынын статусу боюнча ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу “Түндүк” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми “Түндүк” арызды кезекке туруу, орун бөлүү жана баланы кабыл алуу, кабыл алуудан баш тартуу, ошондой эле бала бакчадан

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төбөй айылында курулушу токтоп калган "Баластан" бала бакчасынын курулушу улантылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Алгач курулуш иштери демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, кийин токтоп калган. Эми курулуштун

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл