Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бак курат

Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында курула турган Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бактын долбоорун көрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Акын Алыкул Осмоновдун үй-музейинин жанындагы муниципалдык жер тилкеге шаар бийлиги жаңы заманбап эс алуу багын курууну пландап жатат. Аны Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду каржылайт.

«Министрлер кабинетинин башчысы Алыкул Осмоновдун үй музейине да баш багып, имарат ичин көздөн кечирип чыкты. Жаңы паркта акындын ыр саптары жайгаштырылып, айкели орнотулат», – деп айтылат билдирүүдө.  

Бирок билдирүүдө аталган фонд сейил бакты курууга канча каражат бөлөөрү тууралуу айтылган эмес.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө бензин 17,6%, дизель 24% кымбаттады

Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды

Кыргызстанда бизнес үчүн этикалык кодекс киргизилет

Өлкөдө 453 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Бишкек мэриясы жарнамаларда кыргыз тилинин талаптары сакталышы керектигин эскертет