Ысык-Көлдөгү пансионаттардын ээлери тосмолор алынса эс алуучулардын коопсуздугу, пляждардагы тазалык маселелери жаралаарына тынчсызданышууда

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын ээлери тосмолор алынса эс алуучулардын коопсуздугу, пляждардагы тазалык маселелери жаралаарына тынчсызданышууда

Ысык-Көл облусунда 211 ири жана 600 кичи эс алуу жайлары бар. Мындай маалымат минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан конок үйлөрүнүн, эс алуу пансионаттарынын ээлери менен жолугушуу учурунда айтылды.

Алардын көпчүлүгүндө  нансостук станция жана тазалоочу курулмалар иштейт. Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл минитрлиги тарабынан Тамчы айылында жайгашкан 200дөн ашык конок үйлөрүнө саркынды сууну тазалаган жай куруу зарылдыгы белгиленди. 

Эс алуу жайларынын ээлери жолугушууда жергиликтүү тургундардын пляж аймагына кирүү укугун камсыздоо боюнча өлкө башчысынын жарлыгын аткарууга даярдыгын айтышып, бирок айрым жагдайлар боюнча иш-аракеттерди карап чыгуу маселесин көтөрүштү. Мисалы, эс алуу жайларындагы тосмолор алынган соң андагы эс алуучулардын коопсуздугу, пляждардагы тазалык жана жеке менчик мүлктөрдү сактоо жоопкерчилиги маселеси жаралат. 

Туризм тармагында ишкердүүлүк жүргүзгөн жеке ишкерлердин, пансионат жетекчилеринин сунуштарын уккан министрлер кабинетинин төрагасы аткаруу механизмдерин алар менен биргеликте иштеп чыгууну билдирди.   

«Биз сиздердин ишкердүүлүгүнүздөргө тоскоолдук жаратуунун эмес, жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Анткени Кыргызстандын бир гана байлыгы бул туризм тармагы.  Бул багытта Ысык-Көл аймагында 2 аэропорт реконструкциялап, күнү-түнү иштетүүгө аракеттер болууда.

Бишкек-Балыкчы темир жолунун 24 км аймагы ондолуп, жүргүнчү ташуучу вагондорду жаңылоо ишке ашып жатат. Эми Балыкчыга жол 1.2 саатка кыскарып, көлгө поезд менен келүүчү эс алуучуларга шарттар түзүлүүдө.   Быйыл көл жээгине 10 км вело жана жөө адамдар басуу жол курулат. Келечекте көл жээктерин ушундай жолго айлантуу планыбызда бар», – деп белгиледи Жапаров. 

Каракол шаарын өнүктүрүү планы кабыл алынып, республикалык бюджеттен 850 млн сом бөлүнүп жатканын айтты. Алдыда башка шаарлардын да өнүктүрүү программасы ишке ашырыла баштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов кырсыктан улам чыгымга учураган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берген камсыздандыруу кенемтелерин тапшырды. Аймактын мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, 27-июнда катуу шамалда үйүнүн чатыры жабыркаган Жекенди айылынын тургуну Ж. Өмүрзаковго 50 миң сомдук, ал эми 29-июлда турак жайында өрт чыккан Н. Ормоновго 400 миң

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Балалык” тутумунун билдирүүлөрү ишке киргизилди. Мындан ары ата-энелер бала бакчага баласын каттоо тууралуу арызынын статусу боюнча ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу “Түндүк” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми “Түндүк” арызды кезекке туруу, орун бөлүү жана баланы кабыл алуу, кабыл алуудан баш тартуу, ошондой эле бала бакчадан

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төбөй айылында курулушу токтоп калган "Баластан" бала бакчасынын курулушу улантылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Алгач курулуш иштери демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, кийин токтоп калган. Эми курулуштун

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл