Ак үйдүн алдында казинолордун ачылышына каршы митинг өтүп жатат

Ак үйдүн алдында казинолордун ачылышына каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 16-майда Ак үйдүн имаратынын алдында казинолорду ачууга каршы митинг өтүп жатканын «Марал» радиосу кабарлады.

60ка чукул киши кумарканалардын элге тийгизе турган кесепеттери тууралуу эскертишүүдө деп жазат аталган радионун маалымат порталы. Алар бийлик өкүлдөрүнө, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, өлкөдө кумаркана ачууга багытталган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну талап кылып жатышат.

Жарандык активисттердин бири Акжолтой Тукуновдун айтымында, мындай нааразылык акциялары башка аймактарда да өтүп жатат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда чет элдиктер үчүн казино ачууну караган «КРдагы оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Белгилей кетсек, казино ачууну министрлер кабинети демилгелеген болчу. Бийлик казино ачууну жактаган негизги жүйөө катары бюджеттин кирешесинин көбөйүшүн айтып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Оштогу Кызыл-Шарк айылындагы спорт залдын имаратына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, инженердик-техникалык текшерүү Савай айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде жана имаратта катталган өрт кырсыгынан кийин анын техникалык абалын баалоо максатында өттү.

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторинг учурунда аймакта жалпы 56 жаран каттоодо турганы, алардын 20сы жеке ишкерлик менен алектенери аныкталды. Ишкерлерге нормативдик төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча эскертмелер берилип, калдыктарды туура башкаруу

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-