Актануу сөздөрү уланууда – мамлекеттик төрт компания эмне үчүн Санарип министрлигине өтүп кеткенинин себебин айтышты

Актануу сөздөрү уланууда – мамлекеттик төрт компания эмне үчүн Санарип министрлигине өтүп кеткенинин себебин айтышты

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов мамлекеттик төрт компания  – «Дастан», MegaCom, «Кыргызтелеком» жана «Евразия сактык банкы» Санариптик министрлигине эмнеге өткөнүнүн себебин айтты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

«Жогоруда аталган ишканаларды МКБнын башкаруусуна өткөрүп берүүнүн негизги максаты – материалдык-техникалык базаны мүмкүн болушунча чыңдоо, жогорку финансылык туруктуулугу жана инвестицияны өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү бар жогорку технологиялык санариптик холдингди түзүү.

Мисалы, ошол эле «Дастан» ТНКсынын базасында чоң дата борборун түзүү пландалууда. Бул бизге бардык маалыматтык системаларды консолидациялоого жана кырсыктарга сабырдуулукту камсыздоого жана эң маанилүү нерсени – биздин өлкөнүн маалыматтык коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүндүк берет.

«Альфа Телеком» ЖАК жана «Кыргызтелеком» ААК – мамлекеттик керектөөчүлөрдүн көз карашында тариф саясатын оптималдаштыруу; бирдиктүү улуттук биллинг системасын түзүү жана санариптик экономикада зымсыз технологияларды өнүктүрүү.

«Евразия сактык банкы» ААК – банктын бардык бизнес процесстерин санариптештирүү, аралыктан банктык тейлөө кызматтары (санариптик банк) бизнес процессинде толук электрондук жүгүртүү, менеджерлер үчүн бирдиктүү электрондук банкты башкаруу борбору жана кызматкерлер үчүн бизнес-процесстер боюнча электрондук билим базасы, ачык экосистема катары системалуу финансылык банк архитектурасын түзүү.

Натыйжада, акыркы этапта Холдинг КРнын ИДПсынын 15%га чейинкисин кайра иштете алат. Улуттук кырдаал борбору республиканын экономикасынын болжолдуу моделдерин чыгара алат», – дейт Иманов.


Эскерте кетсек, мурда Мамлекеттик мүлк фондуна караган «ТНК Дастан» ААК, «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom уюлдук оператору), «Кыргызтелеком» ААК жана «Евразия сактык банкы» ААК Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү. Буга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бирок бул өзгөрүү «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов Кыргызстанга кайтып келгенден кийин кабыл алынды. Эскерте кетсек, ал келгенде УКМК аны жарым суткага камакка алып, бирок кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарып жиберген болчу.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ширшовдун жеке айдоочусу болуп иштеген.

11-майда Kaktus.media өз булактарына таянып, Ширшов Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов жана Нурлан Байымбетов аттуу бир адам менен чогуу саат 17:00дөр чамасында «Дастан» ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин кабинетинде чогулганын жана ал жердей эки сааттай баарлашканын жазган эле. Kaktus.media порталынын журналисти Ширшовдун Эрик Апышевдин кызматтык унаасы менен «Дастан» ишканасынын аймагынан чыгып баратканына да күбө болгон.

Президент Садыр Жапаров Ширшовдун Кыргызстанга кайра кайтып келишин Максим Бакиевдин эсебиндеги 200 млн долларды кайтарып берүүгө жардам берери менен түшүндүргөн жана аны өзү кабыл алганын да айткан. Кыргызстан Бириккен демократиялык кыймылы мамлекет башчы мындай аракеттери менен коомчулукту адаштырышы мүмкүн экенин билдирди.

ЖМКдагы маалыматтардан соң, бийлик башындагылар мамлекеттик төрт компаниянын аталган министрликке эмнеге өткөндүгүн «актануу маанайында» байма-бай маалыматтарды бере башташты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Оштогу Кызыл-Шарк айылындагы спорт залдын имаратына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, инженердик-техникалык текшерүү Савай айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде жана имаратта катталган өрт кырсыгынан кийин анын техникалык абалын баалоо максатында өттү.

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторинг учурунда аймакта жалпы 56 жаран каттоодо турганы, алардын 20сы жеке ишкерлик менен алектенери аныкталды. Ишкерлерге нормативдик төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча эскертмелер берилип, калдыктарды туура башкаруу

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-