Доллар төмөндөдү, бирок комбанктардын пайыздары эсептик ченден улам көтөрүлгөн бойдон калды – депутат

Доллар төмөндөдү, бирок комбанктардын пайыздары эсептик ченден улам көтөрүлгөн бойдон калды – депутат

Бүгүн, 16-майда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Банк жана банк иштери жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Жыйында депутат Эмил Токтошев Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге эсептик чен боюнча суроолорун берди.

«Мына, Россиянын борбордук банкы эсептик ченди түшүрдү. Бизде болсо 14%. Доллар өстү, кайра ордуна түшүп, андан да ылдыйлап кетти. Коммерциялык банктардын пайыздары түшкөн жок. Сиздер элдерди ойлойсуздарбы же банктардын эле пайдасын ойлойсуздарбы?» – деп сурады депутат.

«Сиз айрым эле компонеттерди айтып жатасыз. Биз эмне себептен эсептик ченди көтөрдүк, анткени инфляция жогорулайт деген ой менен көтөрдүк. Ошондуктан пайыздык ченди ушул эле деңгээлде кармап турабыз. Эгерде инфляция өспөй турган белгилерди көрсөк, анда эсептик ченге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап чыгабыз», – деди Улуттук банктын төрагасы.

Эмил Токтошев бул азыр банктын гана көз карашы экенин айтып, Экономика министрлигине учурдагы экономикалык божомолдорду карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле комитеттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндөгү», «КРнын айрым мыйзам актыларына ( «Атаандаштык жөнүндө», «КРнын табигый монополиялар жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда жактырылды.


Эске салсак,  25-апрелде Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алган. Мындай чечим көзөмөл орган жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты КРда инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоого жана инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багытталат деп түшүндүргөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Оштогу Кызыл-Шарк айылындагы спорт залдын имаратына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, инженердик-техникалык текшерүү Савай айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде жана имаратта катталган өрт кырсыгынан кийин анын техникалык абалын баалоо максатында өттү.

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторинг учурунда аймакта жалпы 56 жаран каттоодо турганы, алардын 20сы жеке ишкерлик менен алектенери аныкталды. Ишкерлерге нормативдик төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча эскертмелер берилип, калдыктарды туура башкаруу

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-