Кыргызстандык товарлардын экспорту дээрлик 14%га кыскарды

КРнын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-март айларында 2.1 млрд АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 48.4%га көбөйдү. Мындай көрсөткүчтөр Улутстаткомдун маалыматында айтылат.

Экспорттук жөнөтүүлөр 13.6%га азайып, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче, 1.7 эсе жогорулаган.

КРнын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-мартында 835.4 млн долларды түздү жана 2021-жылдын январь-мартына салыштырганда 21.3%га өскөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 23%га, импорттук келип түшүүлөр 20.7%га жогоруланган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-март айларында Россияга (68.6%) жана Казакстанга (29.6%) туура келет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө бензин 17,6%, дизель 24% кымбаттады

Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды

Кыргызстанда бизнес үчүн этикалык кодекс киргизилет

Өлкөдө 453 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Бишкек мэриясы жарнамаларда кыргыз тилинин талаптары сакталышы керектигин эскертет