«Омор Хайям эмес», Season Terace, «Таймс» жайларына айып пул салынды – рейд уланууда

«Омор Хайям эмес», Season Terace, «Таймс» жайларына айып пул салынды – рейд уланууда

Биринчи май районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамды жарандар тарабынан сакталышы боюнча рейддер уланып жатканын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

«КРнын жарандарына тамеки тартуунун, никотиндин жана тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, Биринчи май районунун аймагында жайгашкан оюн-зоок жайларында – түнкү барларда, кальян, оюн/интернет клубдарда, сауналарда, бильярд залдарында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

«9 мекеме текшерилип, бул жолу «Омор Хайям эмес» чайканасында, Season Terace ресто-барында жана «Таймс» барында мыйзам бузуулар аныкталып, бардык фактылардын негизинде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө тарабынан 1-беренеге ылайык, 13 миң сом айып салуу боюнча протокол түзүлдү», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, тамеки чегүүгө каршы жеринде кыдырууну акимчиликтин, МАБдын, ИИМдин, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  өкүлдөрү жүргүзүүдө.


Эскерте кетсек, өткөн жылдын сентябрь айынан тартып, Кыргызстанда коомдук жайларда тамеки, анын ичинде электрондук тамекилерди, кальяндарды жана аралашмаларды чегүүгө тыюу салган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Оштогу Кызыл-Шарк айылындагы спорт залдын имаратына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, инженердик-техникалык текшерүү Савай айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде жана имаратта катталган өрт кырсыгынан кийин анын техникалык абалын баалоо максатында өттү.

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторинг учурунда аймакта жалпы 56 жаран каттоодо турганы, алардын 20сы жеке ишкерлик менен алектенери аныкталды. Ишкерлерге нормативдик төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча эскертмелер берилип, калдыктарды туура башкаруу

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-