Товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор электрондук эсеп-фактура менен иш алпарууга милдеттүү – МСК

Товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор электрондук эсеп-фактура менен иш алпарууга милдеттүү – МСК

Товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор электрондук эсеп-фактураны тариздөөгө милдеттүү. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Салык кызматы ири жеткирүүчүлөргө жана дистрибьюторлорго электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) берүү тартиби жөнүндө эскертет.

ЭЭФ маалыматтык системасында катталган жеткирүүчү эсеп-фактураны түзүү жана жүгүртүү тартибине ылайык, ЭЭФтин электрондук документ жүгүртүүсүнүн катышуучусу катары системада катталбаган сатып алуучуга электрондук эсеп-фактураны тариздейт.

Алсак, электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук эсеп-фактураны тариздөөгө жана сатып алуучуга ЭЭФтин басып чыгарылган нускасын берүүгө тийиш.

Салык мыйзамдарына ылайык, салык төлөөчү ККМ аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзгөн учурда калкка товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана иштерди аткарууда эсеп-фактураны тариздебей коюуга укуктуу.

Салык төлөөчү товарларды жеткирүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө эсеп-фактура мурунку айдан кийинки айдын 10 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен бирдиктүү эсеп-фактура менен таризделет. Товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактура КРнын аймагынан товарлар ташып чыгарылганга чейин таризделет.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды экспорттоочулар жана импорттоочулар колдонууга милдеттүү.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык, акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр да ЭЭФ тариздөөгө тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Оштогу Кызыл-Шарк айылындагы спорт залдын имаратына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, инженердик-техникалык текшерүү Савай айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде жана имаратта катталган өрт кырсыгынан кийин анын техникалык абалын баалоо максатында өттү.

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторинг учурунда аймакта жалпы 56 жаран каттоодо турганы, алардын 20сы жеке ишкерлик менен алектенери аныкталды. Ишкерлерге нормативдик төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча эскертмелер берилип, калдыктарды туура башкаруу

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-