Улуттук банктын кирешесин ким текшере алат? – регулятор жооп берет

Улуттук банктын кирешесин ким текшере алат? – регулятор жооп берет

Бүгүн, 16-майда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Банк жана банк иштери жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда.

Жыйында депутат Эмил Токтошев Улуттук банктын кирешесин кимдер текшере ала тургандыгын сурады. Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жөнгө салуучу органдын кирешесин тышкы аудит жана Эсеп палатасы текшерүүгө укуктуу экендигин маалымдады.

«Улуттук банктын үстүнөн жүргүзүлчү тышкы аудитти Жогорку Кеңештин депутаттары тандайт. Бирок эл аралык тышкы аудит жүргүзүүчү уюмдар аз эле. Экинчи жагынан Эсеп палатасы текшерет», – деди Бөкөнтаев.

Депутат учурда президенттик башкаруу экенин, ошондой эле ал жөнгө салуучунун ишин кантип текшерээрине кызыкты жана Жогорку Кеңеш да текшерүүгө укугу барбы деген суроосун койду.

«Эсеп палатасы боюнча кабыл алына турган мыйзамга норма киргизилген, ал мыйзам кабыл алынса, президент талап кылган бүт багыт текшерилип чыгат. Ал эми Жогорку Кеңеш тышкы аудитор аркылуу текшере алат», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Оштогу Кызыл-Шарк айылындагы спорт залдын имаратына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, инженердик-техникалык текшерүү Савай айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде жана имаратта катталган өрт кырсыгынан кийин анын техникалык абалын баалоо максатында өттү.

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторинг учурунда аймакта жалпы 56 жаран каттоодо турганы, алардын 20сы жеке ишкерлик менен алектенери аныкталды. Ишкерлерге нормативдик төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча эскертмелер берилип, калдыктарды туура башкаруу

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-