Америкалык John Deere компаниясы КРнын айыл чарба техникаларын жаңыртууга 50 млн доллар жеңилдетилген насыя берет

Америкалык John Deere компаниясы КРнын айыл чарба техникаларын жаңыртууга 50 млн доллар жеңилдетилген насыя берет

Айыл чарба техникасын чыгарган дүйнөдөгү ири компаниялардын бири болгон John Deere Кыргызстанга айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн дыйкандарга жеңилдетилген насыя менен 50 млн доллар берет.

Тиешелүү меморандумга кечээ, 16-майда КРнын Айыл чарба министрлиги, Финансы министрлиги, «Айыл Банк» ААК, John Deere жана «Евразия Групп» компаниялары кол коюшту.

Бул меморандум Кыргызстанда айыл чарба техникасын жаңылоо боюнча масштабдуу долбоордун башталышына өбөлгө болот.

«Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда 2026-жылга чейин айыл чарба техникаларынын паркын жок дегенде 10% жаңылоо милдети турат. Учурдагы жабдуулар өтө көп убакыттан бери алмаштырылбай, түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизип жаткан. John Deere менен түзүлгөн келишим алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруунун биринчи этабы болуп саналат», – деди Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2026-жылдын алгачкы алты айында 56,5 миң адамга көбөйүп, 1-июлга карата 7 миллион 461 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. 2026-жылдын январь-июнь айларында жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 66 миң 272 жаңы төрөлгөн ымыркай катталды, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 0,

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди. Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу