Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоого кеткен 32 млн долларды үнөмдөп, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет

Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоого кеткен 32 млн долларды үнөмдөп, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет

Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоодон баш тартып, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.

Министрдин айтымында, республика жылына чет өлкөдөн көмүр алууга 32 млн доллар жумшап келген жана эми бул каражат ички рынокко калып, жумуш орундары пайда болот. Ошондой эле бул жылы «Кара-Кече» көмүр кенине артыкчылык берилет. Ошондой эле Бекмурзаев тариф саясатына кылдат мамиле жасалып, аны көтөрүү планда жок экенин да кошумчалады.

Эскерте кетсек, бул жылы 1.5 млн тонна көмүр казып алуу пландалып жатканын президент Садыр Жапаров билдирген болчу.

Анда президент 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө – 554 миң тонна, ал эми 2021-жылы 1 млн 225 миң тонна көмүр казып алынганын белгилеген.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2026-жылдын алгачкы алты айында 56,5 миң адамга көбөйүп, 1-июлга карата 7 миллион 461 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. 2026-жылдын январь-июнь айларында жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 66 миң 272 жаңы төрөлгөн ымыркай катталды, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 0,

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди. Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу