«Ош» аэропортунун кызматкерлери жетекчиликке каршы нааразылык акциясына чыгышты

«Ош» аэропортунун кызматкерлери жетекчиликке каршы нааразылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 17-майда «Ош» эл аралык аэропортунун» кээ бир кызматкерлери жетекчиликке каршы нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын талабы куугунтуктоого алынган диспетчерлердин укугун коргоо.

Митингге чыккандардын айтымында, жетекчилик алмашкандан тартып эле ар кандай кызматтык басмырлоо, куугунтуктар башталган жана алардын кызмат орундарына өздөрүнүн адамдарын алып келүү аракеттери байкалган.

Пилоттор менен байланышта болуп, самолеттун тең салмактуулугун, учуу-конуу иштерин көзөмөлдөгөн диспетчерлик кызматка жок дегенде 1 жыл даярдыктан өтүш керек.

Митингге чыккандардын бири Алтынбек Умаров ал жерде 9 жылдан бери иштегенин жана бул убакта бир дагы сөгүш албаганын, бирок акыркы жумада 2 жолу ага карата сөгүш каралганын айтат.

«Биздин бөлүмдүн жетекчилиги дагы биздин укугубузду коргойм деп жатып жаман көрүнүп, учурда жумуштан айдалганы жатат. Биздин кызматта самолет учууга керектүү документтер даярдалат. Эгерде кызматкер 24 саат иштесе,анда ал 4 саат эс алууга укугу бар. Азыр болсо бизден ошол 4 төрт саатты да алып салышты. Мындай көрүнүштөр аэропорттун жетекчилиги алмашкандан тартып башталды», – деди ал.

Ал эми «Ош» аэропортунун диспетчерлик бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Токторбаевага кызмат жеринен чыгып кетүүнү талап кылышканын ал өзүнүн Facebook баракчасында жарыялаган. Ага карата Өзбекстанга мыйзамсыз барып, мамлекеттик сырды берген деген айыптоо тагылган.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2026-жылдын алгачкы алты айында 56,5 миң адамга көбөйүп, 1-июлга карата 7 миллион 461 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. 2026-жылдын январь-июнь айларында жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 66 миң 272 жаңы төрөлгөн ымыркай катталды, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 0,

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди. Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу