Россия чет өлкөгө банктан которулчу акчанын лимитин 50 миң долларга чейин көбөйттү

Россия чет өлкөгө банктан которулчу акчанын лимитин 50 миң долларга чейин көбөйттү

Россиянын Борбордук банкы шериктеш өлкөлөрдөн келген жеке адамдар үчүн банк эсептеринен чет өлкөгө акча которууга чектөөлөрдү 10 миң доллардан 50 миң долларга чейин көбөйттү жана Россияда иштеген резидент эмес жактарга эмгек акысынын өлчөмүндө акча которууга уруксат берди.

Эми россиялыктар жана шериктеш өлкөлөрдүн жарандары айына 50 миң долларга чейин (же башка чет элдик валютада) россиялык банктардагы эсебинен өздөрүнүн эсебине же чет өлкөдөгү башка жеке адамга которо алышат. Эскерте кетсек, буга чейин чек 10 миң доллар болчу.

Ошондой эле Россияда эмгек же жарандык-укуктук келишимдер боюнча иштеген чет элдиктер (шериктеш жана шериктеш эмес өлкөлөрдөн) Россиядагы эсептеринен башка өлкөгө эмгек акы же кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алган акыларынын өлчөмүндө рубль же чет өлкөлүк валютада акча которо алышат.

Ошол эле учурда акча которуу системалары аркылуу эсеп ачпастан 5 миң доллардан ашык эмес же башка валютадагы эквиваленттүү акча которууга чектөөлөр бар.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2026-жылдын алгачкы алты айында 56,5 миң адамга көбөйүп, 1-июлга карата 7 миллион 461 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. 2026-жылдын январь-июнь айларында жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 66 миң 272 жаңы төрөлгөн ымыркай катталды, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 0,

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди. Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу