1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт – карталар тууралуу маалымат

1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт – карталар тууралуу маалымат

1-июлдан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген. Эми 1-июлдан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбай, «Тулпар» картасы толук иштей баштайт.

Жүргүнчүлөр үчүн накталай эмес төлөм ыкмаларынын кеңири спектри сунушталат. Төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот:

  • үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген)
  • Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары
  • Виртуалдуу NFC картасы
  • Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө
  • Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Андыктан мэрия борбор калаанын тургундары жана конокторуна ыңгайлуу болуу үчүн көрсөтүлгөн күнгө чейин транспорт картасын сатып алууну жана Тулпар системасынын иши менен таанышып чыгууну суранат.

Стандарттык көк карталарды «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, «О!», «Мегаком», «Билайн» мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алса болот. Картанын баасы 50 сом. Көк стандарттык карталарды сатуу пункттарын бул шилтемеден көрүүгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди. Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкектин борборундагы айрым жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы