«Чек талап кылып, байге утуп ал!» – Салык кызматы 250 миңден ашык лотерея билеттерин берди

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» – Салык кызматы 250 миңден ашык лотерея билеттерин берди

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы расмий башталган учурдан тартып, «Салык чек» тиркемеси менен 15 миң 771 адам пайдаланууда. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Лотереяга катышуу максатында алар 301 миң 555 кассалык чек сканерден өткөрүшкөн, алардын ичинен лотереялык система тарабынан 208 миң 10 чек кабыл алынган, 46 миң 964 чек иштеп чыгууда, ал эми 49 миң 581 чек кабыл алынган эмес.

Лотереялык система аркылуу утушка катышуу үчүн колдонуучуларга 258 миң 609 электрондук лотереялык билет (ID номер) ыйгарылган.

Лотереяга катышуу үчүн:

  • Google play же AppStore аркылуу «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү
  • товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу
  • мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү зарыл.

Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.

Система сканерленген чекти 72 сааттын ичинде иштеп чыгат жана ал «Операциялар» бөлүгүндө:

  • эгерде чек салык органынын маалымат базасында текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн болсо «Кабыл алынган» деп чыгат
  • эгерде бул чек салык органынын маалымат базасында текшерүүдөн өтпөсө «Кабыл алынган жок» деп көрсөтүлөт.

Кабыл алынбаган чектер боюнча Салык кызматы себептерин аныктоо үчүн тиешелүү иштерди жүргүзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди. Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкектин борборундагы айрым жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы