Инфляциядан улам кыргызстандыктардын реалдуу эмгек акысы 0.3%га төмөндөдү

2022-жылдын январь-мартында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 20 943 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо номиналдык эмгек акы 11.4%га өскөн. 2021-жылдын январь-мартында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 18 797 сом алышкан.

Бирок январь-март айларында реалдуу эмгек акы (инфляцияны эсепке алганда) өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0.3%га төмөндөгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды

Кыргызстанда бизнес үчүн этикалык кодекс киргизилет

Өлкөдө 453 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Бишкек мэриясы жарнамаларда кыргыз тилинин талаптары сакталышы керектигин эскертет

Кыргызстанда акы төлөнүүчү кызматтар 12,2%га кымбаттады