Korea Telecom Corporation санариптештирүү жаатында КРнын өкмөтү менен кызматташууга кызыкдар

Korea Telecom Corporation санариптештирүү жаатында КРнын өкмөтү менен кызматташууга кызыкдар

Korea Telecom Corporation санариптештирүү жаатында КРнын өкмөтү менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу аталган компаниянын президенти Юн Кёнг Лим министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу учурунда билдиргенин минкабдын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров ири байланыш операторлорун жана банкты башкаруу функциялары санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилгенин, ошондой эле аларды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча масштабдуу тапшырмалар коюлганын белгиледи. Ал мындан ары телекоммуникациялык компания менен кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү аркылуу экономика жана каржы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармактарына алдыңкы тажрыйбаны киргизүүгө даяр экендигин билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын санариптик трансформациясынын Улуттук стратегиясын иштеп чыгуудагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары сунушталды.

«KT Corporation компаниясынын президенти Юн Кёнг Лим мындан ары жемиштүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди», – деп айтылат маалыматта. 

KT Corporation – медиа, интернет-банкинг, кыймылсыз мүлк, финансы жана энергетика сыяктуу бизнес чөйрөлөрүн жана башка тармактарды бириктирген көп тармактуу инвестициялык холдинг (45 туунду компаниясы бар). Компания уюлдук (22.3 млн абонент) жана стационардык байланыш (13.4 млн абонент), жогорку ылдамдыктагы интернет (9.2 млн абонент), акы төлөнүүчү телеканал (10.7 млн абонент) кызматтарын көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди. Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкектин борборундагы айрым жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы