Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат – тизмеси

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат – тизмеси

26-27-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтөт. Ага карата Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Жол коопсуздугун камсыздоого 660 кызматкер жана 180 автоунаа тартылган.

Унаа жолдору болжол менен 15-20 мүнөткө токтотулуп турат.

Төмөндөгү жолдор убактылуу жабылат:

  • «Манас» аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин
  • Жибек-Жолу проспектиси, Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин
  • Жаш Гвардия бульвары, Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин
  • Чүй проспектиси, Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейин
  • Манас жана Чынгыз Айтматов проспектилери, Чүй проспектисинен Мамлекеттик резиденцияга чейин
  • Чүй проспектиси, Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин
  • Абдрахманова көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

«Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз. Жолдо жүрүү эрежерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранабыз», – дешет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо мекемеси.

Мындан тышкары окуңуз

Нурлан Мотуев каза болду

Нурлан Мотуев каза болду

Саясатчы, коомдук ишмер, Нурлан Мотуев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү Нурлан Мотуев катуу ооруп жүргөндүгү кабарланган. Мотуев 2005-жылдагы бийлик алмашуу окуяларына жигердүү катышып, ошондон тарта саясатта өзүнүн оюн ачык билдирип келген. Нурлан Мотуев 1969-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Кыргызстандын

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда визасыз 60 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка ылайык, өзбекстандыктар келген соң жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүү. Каттоону онлайн же Калкты тейлөө борборлору аркылуу ишке ашырууга болот. “Эгерде 60 күндөн ашык калуу пландалса, виза алып, каттоону узартуу зарыл”, – деп белгилешти мекемеден.

Бишкек шаарындагы курулуп жаткан объекттер текшерилди

Бишкек шаарындагы курулуп жаткан объекттер текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу проспектисинде шаар башчысы диаметри 600 мм болгон жаңы канализациялык коллектордун курулушун көрүп чыкты. Бул долбоор учурдагы инженердик тармактардагы жүктөмдү азайтып, алардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк

Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, Ысык-Көл областтык башкармалыгы микрокредиттик агенттикке 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салган. 11-майга карата Улуттук банктын тийиштүү күбөлүгүн алып