«Кыргызкөмүр» МИнин директору болуп 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков дайындалды

«Кыргызкөмүр» МИнин директору болуп 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков дайындалды

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Директорлук кызматка Элдияр Калдарбеков дайындалды. Жаңы директорду кечээ, 25-майда жамаатка Энергетика министринин орун басары Чыңгыз Касымов тааныштырды.

Белгилей кетсек, Калдарбеков буга чейин Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде директордун орун басары болуп иштеген. 2016-2020-жылдары жергиликтүү кеңештин депутаты болгон (Таш-Дөбө а/ө).

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалда алтын казган ишкерлерге мониторинг жүргүзүлдү

Чаткалда алтын казган ишкерлерге мониторинг жүргүзүлдү

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусундагы аймактык башкармалыгы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында алтын өндүрүү менен алектенген ишкерлерге мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мониторингдин негизги максаты — алтын өндүрүүдө жер жана суу ресурстарын пайдалануу боюнча мыйзам талаптарынын сакталышын, ошондой

Ошто К. Баялинов көчөсү жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ошто К. Баялинов көчөсү жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы К. Баялинов көчөсүнүн курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Көчөнү жаңылоо иштери мындан 1 ай мурда башталган. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, курулуш иштеринин алкагында жолдун эки тарабына тротуарлар салынып, жашыл аймактар жана ирригациялык тармактар каралды. Ошондой эле автоунаалар үчүн токтотуучу жайлар уюштурулду. Жаңыланган көчөнүн ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек

Кыргызстанда бир жумада 415 айдоочу мас абалында кармалды

Кыргызстанда бир жумада 415 айдоочу мас абалында кармалды

Кыргызстанда 31-июлдан 6-августка чейин 28 753 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, бир жуманын ичинде тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкарган 4 502, мас абалында унаа башкарган 415 жана унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 207

Өзбекстандан келген гранит плиталардын талаптарга шайкештиги текшерилет

Өзбекстандан келген гранит плиталардын талаптарга шайкештиги текшерилет

Өзбекстандан келген Хатырчин кенинин гранит ташынан жасалган каптоочу плиталар сертификаттоодон өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул иштерди Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк региондук башкармалыгы жүргүздү. Белгиленгендей, адистер плиталардын белгиленген талаптарга шайкештигин текшеришти. Анын ичинде сырткы көрүнүшү, абалы, таңгактын бүтүндүгү жана эн белгиси, ошондой эле