Кыргызстандагы ИДПнын өсүү деңгээли ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен дээрлик акыркы орунда турат

Кыргызстандагы ИДПнын өсүү деңгээли ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен дээрлик акыркы орунда турат

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ИДПнын деңгээли боюнча Кыргызстан дээрлик акыркы орунда (Россия, Казакстан, Армения, Кыргызстан, Беларусия) турат. Мындай маалымат бүгүн, 26-майда Бишкек шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сүйлөгөн сөзүндө айтылды.

Анын айтымында, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Биримдиктин ИДПсы 4.5%, курулуш тармагында кошумча дүң нарк 5%, айыл чарбасында 0.05%, өнөр жайда 4.1%, негизги капиталга инвестициялар 5.7%га өскөн.

«Беларусиянын, Казакстандын жана Россиянын ИДПсы пандемияга чейинки деңгээлге жетип, 2021-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу тиешелүүлүгүнө жараша 2.3%, 4% жана 4.2%га өстү. Армения менен Кыргызстанда ИДП 4.1% жана 3.6% өстү», – деди Жапаров.

Ошондой эле ал ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин соода агымынын багытынын өзгөрүүсү байкалганын, ЕАЭБтин тышкы соода жүгүртүүсүндөгү Евробиримдиктин үлүшү 2015-жылдагы 46.2%дан 2020-жылы 36.7%га кыскарганын айтты.  

«Батыштан чыгышка карай цивилизациялык жылыш бар. Экономикалык тартылуу борбору Азия континентине жылууда. Европага терезе жабылса, Азияга терезе ачылат! Биз өзүбүздүн Союз өзүнүн үстөмдүк позициясын ээлөөгө тийиш болгон мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүнүн күбөсү болуп олтурабыз», – деди минкабдын жетекчиси.

Буга кошумча Жапаров 2021-жылдын аягында белгиленген тенденцияларды сактоо менен тышкы соодада экспорттун көлөмү (42.5%га өсүү) 2015-жылдан берки максималдуу мааниге ээ болуп, 500 млрд долларга жеткенин, ал эми өз ара сооданын көлөмү (32.4%га өсүү) 70 млрд доллардан ашканын белгилеп өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча беш айда 666 ымыркай чарчап калды

Өлкө боюнча беш айда 666 ымыркай чарчап калды

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–май айларында бир жашка чейинки 666 бала чарчап калган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында маалымдалган. Маалыматка ылайык, каза болгон балдардын 448и перинаталдык мезгилде пайда болгон оорулардын, ал эми 113ү тубаса өнүгүү кемтиктеринин кесепетинен чарчап калган. Калган учурлар жугуштуу жана мите оорулар, нерв системасынын оорулары жана

Чаткалда алтын казган ишкерлерге мониторинг жүргүзүлдү

Чаткалда алтын казган ишкерлерге мониторинг жүргүзүлдү

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусундагы аймактык башкармалыгы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында алтын өндүрүү менен алектенген ишкерлерге мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мониторингдин негизги максаты — алтын өндүрүүдө жер жана суу ресурстарын пайдалануу боюнча мыйзам талаптарынын сакталышын, ошондой

Ошто К. Баялинов көчөсү жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ошто К. Баялинов көчөсү жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы К. Баялинов көчөсүнүн курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Көчөнү жаңылоо иштери мындан 1 ай мурда башталган. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, курулуш иштеринин алкагында жолдун эки тарабына тротуарлар салынып, жашыл аймактар жана ирригациялык тармактар каралды. Ошондой эле автоунаалар үчүн токтотуучу жайлар уюштурулду. Жаңыланган көчөнүн ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек

Кыргызстанда бир жумада 415 айдоочу мас абалында кармалды

Кыргызстанда бир жумада 415 айдоочу мас абалында кармалды

Кыргызстанда 31-июлдан 6-августка чейин 28 753 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, бир жуманын ичинде тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкарган 4 502, мас абалында унаа башкарган 415 жана унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 207