Бул жылы Кыргызстанда буудай азыраак, пахта көбүрөөк эгилди

Бул жылы Кыргызстанда буудай азыраак, пахта көбүрөөк эгилди

Республикада 2022-жылы түшүм берүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы айдап-себүү иштери аяктап жатат. Кандай эгин канча көлөмдө эгилгени тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата республика боюнча 668 миң гектарга жакын жаздык эгин айдалды, бул өткөн жылдын ушул учуру менен салыштырганда 5 миң гектарга көп.

Аянтына карата жазгы эгиндерди эгүүнүн көбөйүшү – былтыркы жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу пахтанын 9.5%га, жаздык арпанын 9%га, май өсүмдүктөрүн 4%га пайызга жана картошканын 3%га өсүшүнүн эсебинен болду.

Ошону менен бирге жаздык буудайдын, буурчак дан жана кант кызылчасынын айдоо аянттары кичирейди. Мисалы, буудай былтыр 116.6 миң гектарга эгилсе, быйыл – 101.4 миң гектарга эгилген.

Жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң үлүш – 33%дан ашыгы – Чүй облусуна, 15%га жакыны – Ош жана Ысык-Көл облустарынын, 13%тен ашыгы – Жалал-Абад областынын чарбаларына туура келген.

Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарынын бийик тоолуу аймактарында жазгы эгин себүү иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол