Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин аткаруу боюнча талаптарды сактабагандыгы үчүн бир коммерциялык банкка карата 5 миң 354 сом 22 тыйын өлчөмүндө айыптык төлөм салынды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Берилген маалыматта банктын аталышы такталган эмес.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган коммерциялык банктардын тизмесине ылайык, азыркы тапта 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары иш жүргүзөт. Алардын ишмердүүлүгүн Улуттук банк дайыма көзөмөлгө алып турат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

Кайсы аймакта маяна жогору?