«Электр станцияларынын» 100 млн доллардык карызын кечүү каралып жатат

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин депутаттары 14-июндагы жыйынында «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун карызын кечүү боюнча мыйзам долбоорун карап чыгып, колдошту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушуна 2009-жылы Россия өкмөтү тарабынан Кыргызстан өкмөтүнө берилген кредиттин каражаттарынан 100 млн доллар өлчөмүндө кредит алынган. 2017-жылы россиялык тарап аны кечип, эсептен чыгарган.

Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдиргендей, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун карызын кечүү менен, бул мыйзам долбоору стратегиялык ишкананын финансылык туруктуулугун бекемдөө жана карыз жүгүн азайтуу максатын көздөйт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чынгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болду

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды