Кыргызстанда IT тармагында иштегендердин 11%ы гана аялдар – Сырга Тилекова

Кыргызстанда IT тармагында иштегендердин 11%ы гана аялдар – Сырга Тилекова

Бүгүнкү күндө IT тармагында аялдардын саны болгону 11%ды түзөт. Бул тууралуу санариптик маркетолог жана NBFit долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Сырга Тилекова Programmer Ayimdar II долбоорунун аякташында билдирди.

Ал санариптик технологиялар келечекте көйгөйлөрүбүздү чечүүчү негизги куралга айланарын, ошондуктан кыздар бул тармакка көбүрөөк катышышы керек экендигин белгиледи.

«Биз 2022-жылы жашап жатканыбызга, азыр ушунча көп компаниялар IT тармагында, STEM тармагында кыздарды колдоп жатканына карабастан, дагы эле айрым кыйынчылыктар бар.

Учурда Кыргызстанда IT тармагында иштеген аялдардын саны 11%дан ашпайт. Мен көптөгөн компанияларда, стартаптарда иштедим жана ар дайым кыздар аз болчу. Андыктан бул жагдайды оңдойбуз деп үмүттөнөм», – деп пикир бөлүштү Сырга Тилекова.

Иш-чарада Namba One компаниясынын башкы директору Нора Азыгалиева да IT тармагында аялдардын жетишсиздиги көрүнөө экенин белгиледи.

«Кечээ эле мен Алматыдан кайтып келдим, жумуш боюнча ар кандай жолугушууларды өткөрдүк, ага мен жалаң эркек кесиптештерим менен бардым. Мен бир мыйзам ченемдүүлүктү байкадым: мен 15ке жакын адам менен жолугуштум – алардын бирөө гана аял болду», – деди ал.

Эскерте кетсек, жакында Programmer Ayimdar II долбоору аяктап, анын алкагында 50 кыз-келин программалоону үйрөнүүгө грант алышкан. Долбоорду Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана сервистер ассоциациясы (КАРПОУ) Unique Technologies менен биргеликте Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырган.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.