Импорттук товарлардын 80%ы контрабандалык жол менен киреби? Салык кызматынын жообу

Импорттук товарлардын 80%ы контрабандалык жол менен киреби? Салык кызматынын жообу

Салык кызматы депутат Эльвира Сурабалдиеванын импорттук товарлардын 80%ы контрабандалык жол менен келет деген сөзүн четке какты.

Импорттоочулар Кыргызстанга товарларды киргизүүдөн мурун “Жыйынды пост” системасы аркылуу онлайн коштомо кагазын түзүшөт дейт ведомство. Андан кийин импорттук жүк контролдун бир нече этаптарынан: чек ара көзөмөлүнөн, фитосанитардык жана ветеринардык кызматтар көзөмөлүнөн, салмак жана габариттик көзөмөл жана Мамлекеттик салык кызматынын көзөмөлүнөн өтөт.

Импорттук товарлардын ар бир өткөрүлүшү маалыматтык система тарабынан көзөмөлдөнөт. Мындан тышкары, жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан контрабандалык жүктөрдү ташып келүүгө жол бербөө боюнча такай көзөмөл чаралары жүргүзүлүп турат.

Мындан тышкары, “Коопсуз шаар” тутумуна байланган номурларды таануу функциясы бар видеобайкоо камералары бар. Андыктан эч бир унаа көрүнбөй өтүп кете албайт, баары жазылып калат. Ал системага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды кире алышат, деп айтылат кызматтын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол